МУХИНА Вера Игнатьевна
МУХИНА Вера Игнатьевна [19. 6 (1.7). Рига - 6. 10. 1953, Москва] - скульптор, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) эл сүрөтчүсү

(1943), СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). Чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында кубизм агымынын таасиринде болуп, татаал динамикалык чечилиште көрсөтүлгөн «Шамал» (1926-1927), «Дыйкан аял» (1927) сыяктуу скульптураларды түзгөн (экөө тең Третьяков галереясында). Каармандардын ички
дүйнөсүнүн ажарын ачкан скульптуралык портреттер галереясын жараткан («С. А. Замковдун», мрамор, 1935; Академик А. Н. Крыловдун, жыгач, 1945, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1946 жана башкалар). В. Мухинанын «Жумушчу жана колхозчу аял» (1935-1937, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) композициясы - социалисттик реализм искусствосундагы этаптык чыгармалардан. В. Мухинанын адамдардын каармандыгын чагылдырган мыкты чыгармалары: Б. А. Юсуповдун, «И. Л.Хижняктын портреттери, (экөө тең гипс, 1942, Третьяков галереясы, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943), Москвадагы Горькийдин эстелиги (Н. Г. Зеленская, 3.Г.Иванова менен бирге, архитектору 3. М. Розенфельд; коло, гранит, 1951; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952), «Тынчтыкты талап кылабыз!» композициясы
(Н. Г. Зеленская, 3. Г. Иванова, С. В. Казаков, А. М. Сергеев менен бирге; гипс, 1950, Орус музейи, Ленинград; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башкалар. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Ад.: Суздалев П. К. В. И. Мухина. М., 1981.