МУНАРА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУНАРА (арабча манара - маяк, жарык) - архралык курулуш. Шаар куруу ансамблдеринде М. доминанттык роль ойнойт, багыт берүүчү, айрыкча көнүл буруучу бийиктик катары кызмат кылат (маяк, өрт кырсыгын байкоочу, суу сактоочу). М. формасы адамзат тарыхынын эң байыркы мезгилдеринен келип чыккан терең маданий-символикалык мааниге ээ, мисалы, Вавилон М-сы. Готика архитектурасында маанилүү шаар куРУУчу ролду соборлор менен шаардык сааты бар М-лар ойногон. Кайра жаралуу доорунан баштап, М-лар шаар башкармасынын имаратынын үстүнө да салына баштаган. 16-17-к-да артиллериянын өнүгүшү менен М-лар коргонуу максат-
тарында курулуп, бастиондор менен алмашылган. Буларга кароол дарбаза, чеп дубалдарынын үстүндө чыгып турган М-лар кирет (Москва Кремлинин М-лары). М. композициясын коңгуроо үчүн аянтчалары бар бийик курулуштарда - көп ярустуу кампанияларда (алар итал. базиликаларда бар), орус чиркөө архитектурасынын коңгуроо М-ларында курушкан. М. мусулман салттарына мүнөздүү азан чакыруу үчүн кызмат кылган жай катары мечит имаратынан бийик курулган. Алгач М-лардын жогору чыга турган тепкичтери сырт жагында жасалган. Египет, Ирак, Иран, Борбордук жана Орто Азиянын М-лары улам бийиктеген сайын кууш тарткан жумуру же кырдуу формада курулган. Ичи-тышы оймочиймеленген, капталдарынан балкондор (бастырмачалар) чыгарылган. Мачтадан айырмаланып М-нын кергичтери жок, анын туруктуулугун негизги констр-лары камсыз кылат. Азыркы заманбап архитектурада бул форма ири монумент түзүүдө пайдаланылат (Париждеги Эйфелъ мунарасы; Москвадагы Останкино телемунарасы, Шаболовка радиомунарасы), к. Бурана, Өзгөн архитектуралык комплекси.
