МУЗЫКАЛЫК СЫН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКАЛЫК СЫН - белгилүү бир эстетикалык көз караштын, түшүнүктүн негизинде музыкалык чыгармачылыктын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы музыкалык чыгармаларды талдоо, изилдөө жана баалоо; музыка таануунун бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этнографиясы изилденет. М. с. - музыкалык изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. М. с. рецензия, нотография, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе ж. б. түрлөргө бөлүнөт. М. с. аткаруучулар менен угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптандырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттандырууда негизги ролду ойнойт.