МАРРАКЕШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРРАКЕШ - Марокконун борбордук бөлүгүндөгү шаар. Марракеш-Тенсифт-Эль-Ауз облусунун администрациялык борбору. Бийик Атлас тоосунун этегинде,

Эль­Ауз өрөөнүндө, Тенсифт д-на жакын жерде жай­гашкан. Калкы 920,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Шаар 1062-жылы (айрым маа­лыматтар боюнча 1060 же 1070-жылы) негизделген. 12- к-дын аягында ири соода жана Альморавиддердин (10-11-кылым), жана Альмохаддардын (11-12-кылым) ди­настиясы бийлик кылып турган убакта жана шериф Саадидахтардын мезгилинде Марокконун борбору болгон. М-тин архитектурасы жергиликтүү кооз таш­тардан курулуп, кызыл шафран менен кооздолуп, өзгөчө көрк берип турат. Шаардын эски бөлүгү айланта дубал менен курчалып, көптөгөн чеп дар­базалары (12-кылым) бар. О. кылымга таандык мав­ритания зодчийлигинин бай эстеликтери түш­түктү көздөй созулуп, король кварталы касаба­сы менен (Альмохаддар негиздеген) агведаль ба­гына (12-кылым; 2 чоң жасалма көлмө, зайтун жана мөмө-жемиш бактарынан турат) барып кошу­латынча Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастъш тизме­сине киргизилген. Шаарда 11-12-к-дын архитектура­лык эстеликтери (Кубба аль-Баруддийн кумпа­луу павильону, Кутубий мечити, Баб-Агвенау дарбазасы), 14-16-к-дын таат-ибадат ансамбл­дери жана 19-20-к-дын ак сарайлары, мечит, мед­ресе, мавзолей сакталган. Өлкөнүн түштүк бөлүгү­нүн башкы экономикалык борбору. Шаардын эконо­микасынын негизин туристтик бизнес (2007-жылы 2 млнго жакын турист келген) түзөт. Тамак-аш­татымал, текстиль, жыгаччылык ө. ж., пласт­масса, цемент өндүрүшү иштейт. Кыймылсыз коммерция сектору (мейманкана, офис, соода жана кампа жайлары ж. б.) тез темп менен өнүгүүдө. Университет (1978\ институт, ислам маданияты музейи, опера театры, калк китепканасы ж. б. бар. Кустар­дык (килем, кездеме токуу, булгаарыдан, таш­тан буюм жасоо, сафьян) кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кышкы курорттору иштейт.

Жемаа-эль-Фна аянты.