МЕМУАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕМУАР (латынча memoria - эске алуу) - кандайдыр бир коомдук мааниси бар ишке, окуяга катышкан же аны көрүп калган киши тарабынан жазылган эскерме. Автордун жеке тажрыйбасынын, ошондой эле күндөлүк, кат, мезгилдүү басылмалар ж. б. материалдардын негизинде жазылат. Адабий жанрдын өзгөчө бир түрү катары жаралган М-лар да болот (автобиография, сапар баяндары). Тарыхта андай М-лардын кай биринин ашкере көркөм чыгарма катары аты калган (мисалы, Ж. Ж. Руссо, «Чын сыр»; Анын Ичинде Герцен, «Болгондор жана ойлор»). М-дын тарыхый дарек катары мааниси чоң. Анда саясат жана согуш тарыхы, маданий турмуш, коомдун адеп-ахлагы, тиричилиги сыяктуу маанилүү маселелер чагылат. М-га жакын чыгармалар антикалык доордо эле болгон (Ксенофонттун «Анабасиси», Юлий Цезардын «Галл урушу туурасында жазмалары»). М-дын белгилери бар чыгармалар о. кылымда да жазылган. 18- 20-к-да ар түрдүү формадагы, келки-келки окуяларды камтыган М-дык адабияттар жаралган. Россияда М. 17-к-да пайда болуп (мисалы, «Протопоп Аввакумдун таржымалы»), 18-к-дан өркүндөө жолуна түшкөн. Улуу Октябрь революциясы жеңип, маданият, коомдук турмуштун бардык тармактары элдик болгонго байланыштуу М. түзгөнгө калктын ар кайсы катмарынан өкүлдөр катыша баштады. Натыйжада Октябрь революциясы, Граждандык (1918-20), Улуу Ата Мекендик согуштар жана СССР тарыхындагы дагы башка чоң-чоң окуялар жөнүндө М-лар жазылды. Кыргыз адабияты да М. жанрындагы чыгармалардан куру кол эмес. Буга Осмонкулдун «Өлбөс адамдар» (1965), «Менин өмүрүм» (1968), К. Маликовдун «Замандаштарым жана каламдаштарым» (1967), А. Боталиевдин «Баскан жол» (1976) сыяктуу китептери күбө. М. жазуу иши автордон чынчыл, так болууну, баяндалчу окуяга таптык туура мамиле кылууну талап кылат.