МЕМУАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕМУАР (латынча memoria - эске алуу) - кандай­дыр бир коомдук мааниси бар ишке, окуяга катышкан же аны көрүп калган киши тарабы­нан жазылган эскерме. Автордун жеке тажрый­басынын, ошондой эле күндөлүк, кат, мезгилдүү ба­сылмалар ж. б. материалдардын негизинде жа­зылат. Адабий жанрдын өзгөчө бир түрү ката­ры жаралган М-лар да болот (автобиография, сапар баяндары). Тарыхта андай М-лардын кай биринин ашкере көркөм чыгарма катары аты калган (мисалы, Ж. Ж. Руссо, «Чын сыр»; Анын Ичинде Герцен, «Болгондор жана ойлор»). М-дын тарыхый дарек катары мааниси чоң. Анда саясат жана согуш тарыхы, маданий турмуш, коомдун адеп-ахлагы, тиричилиги сыяктуу маа­нилүү маселелер чагылат. М-га жакын чыгар­малар антикалык доордо эле болгон (Ксенофонт­тун «Анабасиси», Юлий Цезардын «Галл уру­шу туурасында жазмалары»). М-дын белгилери бар чыгармалар о. кылымда да жазылган. 18- 20-к-да ар түрдүү формадагы, келки-келки окуя­ларды камтыган М-дык адабияттар жаралган. Рос­сияда М. 17-к-да пайда болуп (мисалы, «Протопоп Аввакумдун таржымалы»), 18-к-дан өркүндөө жолуна түшкөн. Улуу Октябрь революциясы жеңип, маданият, коомдук турмуштун бардык тармактары элдик болгонго байланыштуу М. түзгөнгө калк­тын ар кайсы катмарынан өкүлдөр катыша баш­тады. Натыйжада Октябрь революциясы, Граждандык (1918-20), Улуу Ата Мекендик согуштар жана СССР тарыхындагы дагы башка чоң-чоң окуя­лар жөнүндө М-лар жазылды. Кыргыз адабияты да М. жанрындагы чыгармалардан куру кол эмес. Буга Осмонкулдун «Өлбөс адамдар» (1965), «Ме­нин өмүрүм» (1968), К. Маликовдун «Замандаш­тарым жана каламдаштарым» (1967), А. Бота­лиевдин «Баскан жол» (1976) сыяктуу китепте­ри күбө. М. жазуу иши автордон чынчыл, так болууну, баяндалчу окуяга таптык туура ма­миле кылууну талап кылат.