МЕДИАНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДИАНА (латынча mediana - ортонку) г е о м е трияда-1)-үч бурчтуктун чокусун карамакаршы жагынын тең ортосу менен туташтыруучу кесинди. Үч бурчтуктун М-лары бир чекитте кесилишип, кээде ал чекит үч бурчтуктун «оордук борбору» деп аталат. Үч бурчтуктун М-сы аны аянттары бирдей болгон эки үч бурчтукка бөлсө, анын үч М-сы аны аянттары.бирдей болгон алты үч бурчтукка бөлөт. Тең капталдуу үч бурчтуктун негизине жүргүзүлгөн М-сы анын биссектрисасы да жана бийиктиги да болуп эсептелсе, тең жактуу үч бурчтуктун М-лары анын биссектрисалары жана бийиктиктери менен дал келет; 2) тетраэдрдин чокусун ага карама-каршы жаткан грандын оордук борбору менен туташтыруучу кесинди. Тетраэдрдин төрт М-сы бир чекитте кесилишет.