МЕДИАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДИАНА (латынча mediana - ортонку) г е о м е т­рияда-1)-үч бурчтуктун чокусун карама­каршы жагынын тең ортосу менен туташтыруучу кесинди. Үч бурчтуктун М-лары бир чекитте кесилишип, кээде ал чекит үч бурчтуктун «оор­дук борбору» деп аталат. Үч бурчтуктун М-сы аны аянттары бирдей болгон эки үч бурчтукка бөлсө, анын үч М-сы аны аянттары.бирдей бол­гон алты үч бурчтукка бөлөт. Тең капталдуу үч бурчтуктун негизине жүргүзүлгөн М-сы анын биссектрисасы да жана бийиктиги да болуп эсеп­телсе, тең жактуу үч бурчтуктун М-лары анын биссектрисалары жана бийиктиктери менен дал ке­лет; 2) тетраэдрдин чокусун ага карама-кар­шы жаткан грандын оордук борбору менен туташ­тыруучу кесинди. Тетраэдрдин төрт М-сы бир чекитте кесилишет.