МАЛЬДИВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛЬДЙВ, Мальдив Республикас ы (Дивехи Раджеге Жумхурия) - Түштүк Азиядагы арал мамлекет. Инди океанынын түндүгүндө, Мальдив а-нда (1200гө жакын майда аралдардан турат; алар 26 шуру атоллдорун түзөт),

Индстан ж. а-нан түштүк-батышта жайгашкан. Аянты 298 клг2(кургактыктагы). Калкы 320 миң (2010). Ворбору - Мале. Администрациялык-аймактык жактан 21 бөлүккө (20 атоллго жана борбордук округга) бөлүнөт. Акча бирдиги - руфия.
М. - БУУнун (1965), ЭФВтин (1978), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1978), Ынтымакташтыктын (1982), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташтык ассоциа-
<thead> </thead> <tbody> </tbody>|
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) |
|||
|---|---|---|---|
|
Атоллдору |
Аянты, км2 |
Калкы |
Администрациялык борборлору |
|
Хаа-Алиф |
16,59 |
13 495 |
Диддхоо |
|
Хаа-Дхаалу |
22,80 |
16 237 |
Кулюдюфуши |
|
Шавийани |
14,42 |
11 940 |
Миландхоо |
|
Нуну |
10,33 |
10 015 |
Манадхоо |
|
Раа |
7,55 |
14 756 |
Юнгоофаару |
|
Баа |
7,29 |
9 578 |
Ейдхафуши |
|
Лавийани |
3,42 |
9 190 |
Наифару |
|
Каафу |
8,53 |
15 441 |
Маафуши |
|
Алиф-Алиф |
4,29 |
5 776 |
Расдхоо |
|
Алиф-Дхаал |
4,97 |
8 379 |
Махибадхоо |
|
Вааву |
0,66 |
1 606 |
Фелидхоо |
|
Меему |
3,31 |
4 710 |
Мули |
|
Фаафу |
2,00 |
3 765 |
Ниландхоо |
|
Дхаалу |
2,57 |
4 967 |
Кудахувадхоо |
|
Гаафу-Алиф |
6,75 |
8 262 |
Виллингили |
|
Гаафу-Дхаалу |
10,45 |
11 013 |
Тинадхоо |
|
Гнавийани |
4,92 |
7 636 |
Фувахмулах |
|
Сиину (Адду) |
11,10 |
18 026 |
Адду |
|
Тхаа |
7,16 |
8 493 |
Веймандхоо |
|
Лааму |
17,80 |
11 990 |
Фонадхоо |
|
Мале (борбордукокруг) |
4,39 |
103 693 |
|
|
Бардыгы |
171,30 |
298 968 |
|
циясынын (1985), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Элдик межлис). Аткаруу бийлигинин жогорку органы - Министрлер кабинети. М-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: М. демокр. партиясы, М. элдик партиясы, Ислам демокр. партиясы ж. б.
Табияты.
М. архипелагы 2 миңден ашык майда аралдан турат. Алардын бийиктиги 3 лгге чейин. Климаты экватордук муссондук. Айлык

орт. температурасы 24-30°С. Жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Агын суусу жок. Топурагы кумдуу. Кээ бир аралдарында мангр токою кездешет. Азык болуучу ж. б. өсүмдүктөрү сырттан алынып келинген. Кокос пальмасы, банан өстүрүлөт. Канаттуулардын 180-200 түрү мекендейт. Көк кытан жана геккондун 2 түрү бардык жерде кездешет. Жергиликтүү жаныбарлары - сойлоочулар жана жарганаттын 2 түрү (учуучу түлкү сымалдар). Курт-кумурсканын 130, көпөлөктүн 70 түрү бар. Суу дүйнөсү өтө бай жана ар түрдүү. Акула, риф балыктары, мурен, омурткасыздар, маржан полиби, рак сымалдар, моллюскалар бар. 1998-жылдан муздак Перу агымы бир аз жылыгандыктан, Инди океанынын суусунун температурасы өтө тез жогорулап, анын натыйжасында маржан полиби массалык түрдө кырылган. Арал 2004-жылы цунамиден жабыркаган. М-де коргоого алынган 25 деңиз акваториясы жана бир табигый аймак (чеке белиндеги акватория менен; Хитаду а.) бар.
К а л к ы. Элинин көпчүлүк бөлүгүн мальдивдер (98,4%), ошондой эле сингалдар, гужараттар, та-
милдер жана арабдар ж. б. түзөт. Расмий тили - мальдив (дивехи) тили. Дини - ислам (сүннөттөр). Бул дин өлкөнүн бардык жарандары үчүн милдеттүү. Мусулман эмес диний уюмдарга тыюу салынган. Орт. жыштыгы 1 км2ге 1164 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 72,5 жаш, аялдарыныкы - 74,2.


Мальдив акчасы - руфия.
Төрөлүүнүн денгээли (ЮООге 23) өлүм-житимден (ЮООге 4) 5,8 эсе жогору. Шаар калкы 38% (2008). Жалгыз ири шаары - Мале.
Т а р ы х ы.
Мальдив а. жөнүндө алгачкы жазма даректер 16-к-дан белгилүү. Арал калкынын этностук негизин Индстан менен Цейлондон (Шри Ланка) чыккан арий уруулары түзгөн. Алар аралдарды 10-к-дан мекендеген. 12-к-дан ислам дини тарай баштаган. 14-к-да Диди династиясынын султандары башкарган мамлекет түзүлгөн (ал бийлик 1968-жылы чейин сакталган). 1558-жылы М-ди португалдар басып алган, бирок жергиликтүү калк аларды 1573-жылы кууп чыккан. 17- к-дын 2-жарымында Мальдив султандыгы Цейлондогу голланд башкаруучуларына көз каранды болуп, 1796-жылы Улуу Британиянын таасирине өткөн. 1887-жылы декабрда ал Британия протекторатына айланган. 1965-жылы 26-июлда Улуу Британия менен М-дин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык М. көз карандысыз мамлекет. 1968-жылы референдумдун натыйжасында М. респ. болуп жарыяланган. 1965-жылдан БУУга мүчө.
Чарбасы. М. дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан чакан өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 1,8 миллиард долларды түзөт (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 4,6 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 77,5, ө. ж-дыкы 16,9, а. ч-ныкы 5,6. Экономикасынын негизин чет элдик Туризм (ИДПдеги үлүшү 28%; 2009-жылы 656 миң турист келген) жана балыкчылык (жылына 150 миң г) түзөт. 2008-жылы 300 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Курулушта колдонулуучу кум жана шуру (коралл) казылып алынат. Деңиз продуктулары, балык жана а. ч. азыктары (анын ичинде кокос жаңгагы) беленделет. Тигилүү кийим чыгарылат, балыкчылар үчүн дхони кайыгы даярдалып, кеме ондолот. Кокос пальмасы, тропика жашылча-жемиштери өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы жокко эсе. Үй куштары багылат. Автомобиль жолунун узундугу 88 км (2006). Деңиз соода флоту 29 кемеден турат. Төрт аэропорту, анын ичинде эл аралык (Мале шаарында) бар. Башкы порту - Мале. Сыртка балык жана балык продуктулары (90%) чыгарылат. Негизги соода
шериктери: Шри-Ланка, Улуу Британия, Италия, Франция (экспорт), Сингапур, БАЭ, Тайланд, Малайзия, Индия (импорт).
Ад.: Мальдивы//Большая российская энциклопедия. М„ 2011. Т. 18.

