МАЛЬДИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЬДЙВ, Мальдив Республика­с ы (Дивехи Раджеге Жумхурия) - Түштүк Азия­дагы арал мамлекет. Инди океанынын түндү­гүндө, Мальдив а-нда (1200гө жакын майда арал­дардан турат; алар 26 шуру атоллдорун түзөт),

Индстан ж. а-нан түштүк-батышта жайгашкан. Аянты 298 клг2(кургактыктагы). Калкы 320 миң (2010). Ворбору - Мале. Администрациялык-аймактык жактан 21 бөлүккө (20 атоллго жана борбордук округга) бөлүнөт. Акча бирдиги - руфия.

М. - БУУнун (1965), ЭФВтин (1978), Эл ара­лык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1978), Ынтымакташтыктын (1982), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташтык ассоциа-

<thead> </thead> <tbody> </tbody>

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Атоллдору

Аянты, км2

Калкы

Администрациялык борборлору

Хаа-Алиф

16,59

13 495

Диддхоо

Хаа-Дхаалу

22,80

16 237

Кулюдюфуши

Шавийани

14,42

11 940

Миландхоо

Нуну

10,33

10 015

Манадхоо

Раа

7,55

14 756

Юнгоофаару

Баа

7,29

9 578

Ейдхафуши

Лавийани

3,42

9 190

Наифару

Каафу

8,53

15 441

Маафуши

Алиф-Алиф

4,29

5 776

Расдхоо

Алиф-Дхаал

4,97

8 379

Махибадхоо

Вааву

0,66

1 606

Фелидхоо

Меему

3,31

4 710

Мули

Фаафу

2,00

3 765

Ниландхоо

Дхаалу

2,57

4 967

Кудахувадхоо

Гаафу-Алиф

6,75

8 262

Виллингили

Гаафу-Дхаалу

10,45

11 013

Тинадхоо

Гнавийани

4,92

7 636

Фувахмулах

Сиину (Адду)

11,10

18 026

Адду

Тхаа

7,16

8 493

Веймандхоо

Лааму

17,80

11 990

Фонадхоо

Мале (борбордукокруг)

4,39

103 693

Бардыгы

171,30

298 968

циясынын (1985), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму­нун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президен­ттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчы­сы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир па­латалуу парламент (Элдик межлис). Аткаруу бийлигинин жогорку органы - Министрлер ка­бинети. М-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: М. демокр. партия­сы, М. элдик партиясы, Ислам демокр. партия­сы ж. б.

Табияты.

М. архипелагы 2 миңден ашык майда аралдан турат. Алардын бийиктиги 3 лгге чейин. Климаты экватордук муссондук. Айлык

Мальдивдеги мейманканалардын биринде кооздук үчүн жайгаштырылган кокос.

орт. температурасы 24-30°С. Жылдык жаан-чачы­ны 2500 мм. Агын суусу жок. Топурагы кум­дуу. Кээ бир аралдарында мангр токою кезде­шет. Азык болуучу ж. б. өсүмдүктөрү сырттан алынып келинген. Кокос пальмасы, банан өстүрүлөт. Канаттуулардын 180-200 түрү мекен­дейт. Көк кытан жана геккондун 2 түрү бардык жерде кездешет. Жергиликтүү жаныбарлары - сойлоо­чулар жана жарганаттын 2 түрү (учуучу түлкү сымалдар). Курт-кумурсканын 130, көпөлөктүн 70 түрү бар. Суу дүйнөсү өтө бай жана ар түрдүү. Акула, риф балыктары, мурен, омурткасыздар, маржан полиби, рак сымалдар, моллюскалар бар. 1998-жылдан муздак Перу агымы бир аз жылыгандыктан, Инди океанынын суусунун температурасы өтө тез жогорулап, анын натыйжа­сында маржан полиби массалык түрдө кы­рылган. Арал 2004-жылы цунамиден жабыркаган. М-де коргоого алынган 25 деңиз акваториясы жана бир табигый аймак (чеке белиндеги аквато­рия менен; Хитаду а.) бар.

К а л к ы. Элинин көпчүлүк бөлүгүн мальдив­дер (98,4%), ошондой эле сингалдар, гужараттар, та-

Мальдивдеги диний борбор.

милдер жана арабдар ж. б. түзөт. Расмий тили - мальдив (дивехи) тили. Дини - ислам (сүннөт­төр). Бул дин өлкөнүн бардык жарандары үчүн милдеттүү. Мусулман эмес диний уюмдарга тыюу салынган. Орт. жыштыгы 1 км2ге 1164 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркекте­риники - 72,5 жаш, аялдарыныкы - 74,2.

Мальдив акчасы - руфия.

Төрөлүүнүн денгээли (ЮООге 23) өлүм-житимден (ЮООге 4) 5,8 эсе жогору. Шаар калкы 38% (2008). Жалгыз ири шаары - Мале.

Т а р ы х ы.

Мальдив а. жөнүндө алгачкы жазма даректер 16-к-дан белгилүү. Арал калкынын эт­ностук негизин Индстан менен Цейлондон (Шри Ланка) чыккан арий уруулары түзгөн. Алар аралдарды 10-к-дан мекендеген. 12-к-дан ислам дини тарай баштаган. 14-к-да Диди динас­тиясынын султандары башкарган мамлекет түзүлгөн (ал бийлик 1968-жылы чейин сакталган). 1558-жылы М-ди португалдар басып алган, бирок жергиликтүү калк аларды 1573-жылы кууп чыккан. 17- к-дын 2-жарымында Мальдив султандыгы Цей­лондогу голланд башкаруучуларына көз каран­ды болуп, 1796-жылы Улуу Британиянын таасири­не өткөн. 1887-жылы декабрда ал Британия про­текторатына айланган. 1965-жылы 26-июлда Улуу Британия менен М-дин ортосунда түзүлгөн ке­лишимге ылайык М. көз карандысыз мамле­кет. 1968-жылы референдумдун натыйжасында М. респ. болуп жарыяланган. 1965-жылдан БУУга мүчө.

Чарбасы. М. дүйнөдөгү өнүгүп келе жат­кан чакан өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДП­нин көлөмү 1,8 миллиард долларды түзөт (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 4,6 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөй­рөсүнүн үлүшү (% менен) 77,5, ө. ж-дыкы 16,9, а. ч-ныкы 5,6. Экономикасынын негизин чет эл­дик Туризм (ИДПдеги үлүшү 28%; 2009-жылы 656 миң турист келген) жана балыкчылык (жылына 150 миң г) түзөт. 2008-жылы 300 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Курулушта колдонулуу­чу кум жана шуру (коралл) казылып алынат. Деңиз продуктулары, балык жана а. ч. азыкта­ры (анын ичинде кокос жаңгагы) беленделет. Тигилүү кийим чыгарылат, балыкчылар үчүн дхони ка­йыгы даярдалып, кеме ондолот. Кокос пальма­сы, тропика жашылча-жемиштери өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы жокко эсе. Үй куштары ба­гылат. Автомобиль жолунун узундугу 88 км (2006). Деңиз соода флоту 29 кемеден турат. Төрт аэро­порту, анын ичинде эл аралык (Мале шаарында) бар. Баш­кы порту - Мале. Сыртка балык жана балык про­дуктулары (90%) чыгарылат. Негизги соода

шериктери: Шри-Ланка, Улуу Британия, Ита­лия, Франция (экспорт), Сингапур, БАЭ, Тай­ланд, Малайзия, Индия (импорт).

Ад.: Мальдивы//Большая российская энциклопе­дия. М„ 2011. Т. 18.