ЛИРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИРА (грекче 1уга) - 1) байыркы гректердин 7-11 кылдуу чертме музыкалык аспабы; 2) о. кылымдагы жаалуу кыл аспап, тулкусу алмурут сымал; 3) 16-17-к-да Италияда пайда болгон скрипка сымал жаалуу кыл аспап; 4) байыркы гректер­дин Л-сына окшош гитара-лира. 18-к-да Фран-

Лиранын тарыхый түрлерү: 1 - «күмүш лира». Бри­тан музейи. Лондон; 2 - лира-хелисте ойноп жаткан ырчы-акындын лекифтеги сүрөтү. Биздин заманга чейинки 470-460-ж. Көркөм музей. Бостон; 3 - бегэнна. Эфиопия.

цияда жасалган. Батыш Европа менен Россияга 19-к-дын 30-жылдарына чейин тараган; 5) ча­бандес аскер Л-сы - металлофон; 6) чагарактуу Л. - ал органиструм деген ат менен о. кылымда кеңири тараган. Европа элдеринде ар түрдүү ат менен колдонулуп келген. Россияга 17-к-дан маа­лым. 20-к-да сейрек кездешет. Украинада, Бе­ларуссияда Л-нын оркестрге ылайыкталган түрү сакталган. Өтмө маанидеги Л. - поэзиянын (искусствонун) эмблемасы же символу.