ЛЕНИНГРАД-КЫРГЫЗСТАН ДОСТУК БАЙЛА- НЫШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕНИНГРАД-КЫРГЫЗСТАН ДОСТУК БАЙЛА­НЫШТАРЫ - Ленинград ш. менен Кыргызстандын өзгөчө карым-катышы. 1932-ж. 17-ноябрда Ле­нинград шаардык советинин президиуму Кыр­гыз АССРинин кайрылуусуна жооп иретинде Кыргызстанды шефке алуу жөнүндө токтом кабыл ал­ган. 1933-ж. 23-февралда Фрунзе (азыркы Биш­кек) ш-нда Ленсовет жана Кыргыз АССР Борбор­дук аткаруу комитетинин (БАК) өкүлдөрү шефке алуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Ленинград шаардык совети Кыргызстанга экономикалык жана маданий жактан жардам көрсөтүү боюнча мил­деттенмелерди кабыл алган. Кыргызстандын эмгек­чилери ленинграддыктарга азык-түлүк жагынан жардамдашуу, Кыргызстандын эс алуу жайларынан дарыланууга орун берүү ж. б. иш-чараларга мил­деттенишкен. 1933-ж. Кыргызстандын эмгекчилери менен Кызыл Туулуу Балтика аскер-деңиз флоту­нун моряктарынын ортосунда достук байланыш түзүлүп, кыргызстандыктар «Октябрь Револю­циясы» линкорун шефке алышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курчоодо калган Ленинградга кыргызстандыктар азык-түлүк, кийим-кече, акчалай каражат жиберип турган. Согуштан кийин ленинграддыктар Кыргызстанды а. ч. машиналары, жер семирткичтер менен кам­сыз кылып, энергетикалык, техникалык, полиграфиялык жаб­дууларды берип турган. Ошондой эле телефон жана теле­граф тармактарын кеңейтүүгө жардамдашкан.