ЛЕНИНГРАД-КЫРГЫЗСТАН ДОСТУК БАЙЛА- НЫШТАРЫ
ЛЕНИНГРАД-КЫРГЫЗСТАН ДОСТУК БАЙЛАНЫШТАРЫ - Ленинград ш. менен Кыргызстандын өзгөчө карым-катышы. 1932-ж. 17-ноябрда Ленинград шаардык советинин президиуму Кыргыз АССРинин кайрылуусуна жооп иретинде Кыргызстанды шефке алуу жөнүндө токтом кабыл алган. 1933-ж. 23-февралда Фрунзе (азыркы Бишкек) ш-нда Ленсовет жана Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) өкүлдөрү шефке алуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Ленинград шаардык совети Кыргызстанга экономикалык жана маданий жактан жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган. Кыргызстандын эмгекчилери ленинграддыктарга азык-түлүк жагынан жардамдашуу, Кыргызстандын эс алуу жайларынан дарыланууга орун берүү ж. б. иш-чараларга милдеттенишкен. 1933-ж. Кыргызстандын эмгекчилери менен Кызыл Туулуу Балтика аскер-деңиз флотунун моряктарынын ортосунда достук байланыш түзүлүп, кыргызстандыктар «Октябрь Революциясы» линкорун шефке алышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курчоодо калган Ленинградга кыргызстандыктар азык-түлүк, кийим-кече, акчалай каражат жиберип турган. Согуштан кийин ленинграддыктар Кыргызстанды а. ч. машиналары, жер семирткичтер менен камсыз кылып, энергетикалык, техникалык, полиграфиялык жабдууларды берип турган. Ошондой эле телефон жана телеграф тармактарын кеңейтүүгө жардамдашкан.