ЛАНЦЕТНИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАНЦЕТНИКТЕР (ВгапсЫоз1ота же АтрЫохиз) - жаныбарлардын баш сөөксүздөр классынын уруусу. Уз. 8 смге жетет. Сүзгүч кана­ты бара-бара куйругуна өтөт. Дене формасы лан­цет (наштар) сыяктуу, тунук, хордасы алдын­кы бөлүгүнө кирип турат. 7 түрү бар. Алар - омурткасыздар м-н омурткалуулардын ортосун­дагы эң жөнөкөй хордалуу жандыктар. Хорда­сы өмүр бою сакталат, бакалоору м-н дем алат. Борб. нерв системасы жөнөкөй түзүлүштө, жүрөгү жок. Булчуңдары сегментке бөлүнөт. Айрым жыныстуу. Мелүүн ж-а жылуу деңиздерде 10- 30 м тереңдикте жашап, кумга денесинин алдын­кы бөлүгүн чыгарып, көмүлүп жатат, планктон м-н азыктанат. Сыртта уруктанат. Жумуртка­сы сууда өөрчүйт, личинкасы сууда эркин сүзүп жүрөт.