ЛАНЦЕТНИКТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАНЦЕТНИКТЕР (ВгапсЫоз1ота же АтрЫохиз) - жаныбарлардын баш сөөксүздөр классынын уруусу. Уз. 8 смге жетет. Сүзгүч канаты бара-бара куйругуна өтөт. Дене формасы ланцет (наштар) сыяктуу, тунук, хордасы алдынкы бөлүгүнө кирип турат. 7 түрү бар. Алар - омурткасыздар м-н омурткалуулардын ортосундагы эң жөнөкөй хордалуу жандыктар. Хордасы өмүр бою сакталат, бакалоору м-н дем алат. Борб. нерв системасы жөнөкөй түзүлүштө, жүрөгү жок. Булчуңдары сегментке бөлүнөт. Айрым жыныстуу. Мелүүн ж-а жылуу деңиздерде 10- 30 м тереңдикте жашап, кумга денесинин алдынкы бөлүгүн чыгарып, көмүлүп жатат, планктон м-н азыктанат. Сыртта уруктанат. Жумурткасы сууда өөрчүйт, личинкасы сууда эркин сүзүп жүрөт.