ИНФРАСТРУКТУРА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФРАСТРУКТУ́РА</b> (лат. infra – төмөн‚ астын­да | <b type='title'>ИНФРАСТРУКТУ́РА</b> (лат. infra – төмөн‚ астын­да жана structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энер­гетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу менен жабдуу жана канализация‚ жалпы жана кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сак­тоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тар­мактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түр­лөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транс­порттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линия­сы‚ суу менен камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тар­макты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ са­ламаттык сактоо жана билим берүү тармагы‚ тур­муш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары ки­рет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комп­лекстерди аймактык тейлөөчү жана алардын ры­нок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгай­лашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалы­маттык ресурстарды ички эркин жана аймак ара­лык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюшту­руу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура. | ||
Ад.: <i>Кузнецова А. И.</i> Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007. | Ад.: <i>Кузнецова А. И.</i> Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:25, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астында жана structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энергетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу менен жабдуу жана канализация‚ жалпы жана кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сактоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тармактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түрлөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транспорттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линиясы‚ суу менен камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тармакты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы‚ турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары кирет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комплекстерди аймактык тейлөөчү жана алардын рынок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгайлашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалыматтык ресурстарды ички эркин жана аймак аралык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюштуруу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура.
Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономический подход. М., 2007.