КОЧКОР ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЧКОР ТУЗ КЕНИ</b> , Ч о ң - Т у з к е н и Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 24–
<b type='title'>КОЧКОР ТУЗ КЕНИ</b> , Ч о ң - Т у з к е н и Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 24– 30 <i>км</i> түштүк-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2100–2241 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Жергиликтүү эл илгертен пайдаланган. 1955–56- ж-а 1981–83-жылдарда геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда бол&shy;гон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын калыңдыгы 300–350 <i>м</i>, узундугу 2–3 <i>км</i>, курамы: глау&shy;берит, галит, тенардит. Калыңдыгы 0,1–40 <i>м</i>, узундугу 30 <i>м</i>ден 300 <i>м</i>ге жеткен линза түрүндөгү 17 кабатчадан турат. Глауберит нык, майда крис&shy;таллдуу, боз, агыш боз, жашыл сымал боз, чо&shy;полуу. Галит ак, майда кристаллдуу, тунук. Жалпысынан чопонун арасындагы туз (50–70%) хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С<sub>1 </sub>категориясы боюнча 2185 миң т, С – 1583 миң т. 1996-жылга карата запасы С<sub>1 </sub>категориясы боюнча 2182 миң т, С – 1583 миң т. Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын чарбалары 1959-жылдан бери пай&shy;даланат. Химиялык  сырьё катары колдонсо да бо&shy;лот. Медицинада бронх астмасын дарылоодо жер алдындагы өткөөлдөрү пайдаланылат.
30 <i>км</i> түш.-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңг. 2100–2241 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Жерг. эл илгертен пайдаланган. 1955–56 ж-а 1981–83-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы
эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда бол&shy;гон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын
калыңдыгы 300–350 <i>м</i>, уз. 2–3 <i>км</i>, курамы: глау&shy;берит, галит, тенардит. Калыңдыгы 0,1–40 <i>м</i>,
уз. 30 <i>м</i>ден 300 <i>м</i>ге жеткен линза түрүндөгү 17 кабатчадан турат. Глауберит нык, майда крис&shy;таллдуу, боз, агыш боз, жашыл сымал боз, чо&shy;полуу. Галит ак, майда кристаллдуу, тунук.<br>
Жалпысынан чопонун арасындагы туз (50–70%).
хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С<sub>1 </sub>категориясы б-ча 2185 миң т, С – 1583 миң т.
1996-жылга карата запасы С<sub>1 </sub>категориясы б-ча 2182 миң т, С – 1583 миң т. Нарын, Ысык-Көл,
Чүй обл-нын чарбалары 1959-жылдан бери пай&shy;даланат. Хим. сырьё катары колдонсо да бо&shy;лот. Медицинада бронх астмасын дарылоодо жер алдындагы өткөөлдөрү пайдаланылат.
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]

05:18, 10 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

КОЧКОР ТУЗ КЕНИ , Ч о ң - Т у з к е н и Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 24– 30 км түштүк-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2100–2241 м бийикте жайгашкан. Жергиликтүү эл илгертен пайдаланган. 1955–56- ж-а 1981–83-жылдарда геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда бол­гон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын калыңдыгы 300–350 м, узундугу 2–3 км, курамы: глау­берит, галит, тенардит. Калыңдыгы 0,1–40 м, узундугу 30 мден 300 мге жеткен линза түрүндөгү 17 кабатчадан турат. Глауберит нык, майда крис­таллдуу, боз, агыш боз, жашыл сымал боз, чо­полуу. Галит ак, майда кристаллдуу, тунук. Жалпысынан чопонун арасындагы туз (50–70%) хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С1 категориясы боюнча 2185 миң т, С – 1583 миң т. 1996-жылга карата запасы С1 категориясы боюнча 2182 миң т, С – 1583 миң т. Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын чарбалары 1959-жылдан бери пай­даланат. Химиялык сырьё катары колдонсо да бо­лот. Медицинада бронх астмасын дарылоодо жер алдындагы өткөөлдөрү пайдаланылат.