КОЧКОР ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР ТУЗ КЕНИ , Ч о ң - Т у з к е н и Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 24– 30 км түштүк-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2100–2241 м бийикте жайгашкан. Жергиликтүү эл илгертен пайдаланган. 1955–56- ж-а 1981–83-жылдарда геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда бол­гон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын калыңдыгы 300–350 м, узундугу 2–3 км, курамы: глау­берит, галит, тенардит. Калыңдыгы 0,1–40 м, узундугу 30 мден 300 мге жеткен линза түрүндөгү 17 кабатчадан турат. Глауберит нык, майда крис­таллдуу, боз, агыш боз, жашыл сымал боз, чо­полуу. Галит ак, майда кристаллдуу, тунук. Жалпысынан чопонун арасындагы туз (50–70%) хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С1 категориясы боюнча 2185 миң т, С – 1583 миң т. 1996-жылга карата запасы С1 категориясы боюнча 2182 миң т, С – 1583 миң т. Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын чарбалары 1959-жылдан бери пай­даланат. Химиялык сырьё катары колдонсо да бо­лот. Медицинада бронх астмасын дарылоодо жер алдындагы өткөөлдөрү пайдаланылат.