КОЧКОР (Чүй дарыясынын сол курамы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОЧКОР 2 to КОЧКОР (Чүй дарыясынын сол курамы)) |
(Айырма жок)
| |
09:46, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОЧКОР – Чүй дарыясынын сол курамы. Кочкор районунда. Узундугу 45 км, алабынын аянты 2590 км2. Чыгыш Каракол м-н Сөөк сууларынын кошулушунан түзүлөт. Ортоңку ж-а төмөнкү жагында саздуу кенен Кочкор өрөөнү аркылуу агып, нугунун туурасы 20–30 мге жетип, салааларга бөлүнүп кетет. Көп жылдык орточо чыгымы 12,6 м3/сек, эң көбү 32,6 м3/сек (август), эң азы 6,9 м3/сек (декабрь). Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Чыгыш Каракол, Сөөк, Кызарт, Мыкан, Шамшы ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ман-

тыш, Кызыл-Дөбө, Кум-Дөбө, Чолпон, Кочкор ж. б. кыштактар жайгашкан.