КОЧКОР (Чүй дарыясынын сол курамы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР – Чүй дарыясынын сол курамы. Кочкор районунда. Узундугу 45 км, алабынын аянты 2590 км2. Чыгыш Каракол м-н Сөөк сууларынын кошу­лушунан түзүлөт. Ортоңку ж-а төмөнкү жа­гында саздуу кенен Кочкор өрөөнү аркылуу агып, нугунун туурасы 20–30 мге жетип, салаа­ларга бөлүнүп кетет. Көп жылдык орточо чыгы­мы 12,6 м3/сек, эң көбү 32,6 м3/сек (август), эң азы 6,9 м3/сек (декабрь). Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Чыгыш Каракол, Сөөк, Кызарт, Мыкан, Шам­шы ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ман-

Өрөөндүн түндүк-чыгыш бөлүгү.

тыш, Кызыл-Дөбө, Кум-Дөбө, Чолпон, Кочкор ж. б. кыштактар жайгашкан.