МУСАЕВ Манасбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (11 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУСАЕВ </strong>Манасбек (24. 4. 1942-<abbr data-short="ж. т." data-full="жылы туулган" data-extended="true">жылы туулган</abbr>, Нарын шаары) - кинооператор-коюучу,Кыргыз Республикасынын <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr>суна эмгек сиңирген ишмер (1977), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин ([[ВГИК]]) операторлор <abbr data-short="ф-т" data-full="факультет" data-extended="true">факультет</abbr>ин бүткөн (1970). 1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында жардамчы оператор, 1970-жылдан оператор. | |||
Алгач документ фильмдери («Муке», «Жогорку чыңалуу» жана башкалар) «Советтик Кыргызстан», «Күндөлүк жаңылыктар» киножурналдарына кирген М. Мусаев тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) жана башкалар. Ал Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) байге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе шаарында өткөн | |||
[[Файл: | [[Файл:Ман.jpg|left|thumb]] | ||
</p><p></p><div class="imageCaption">[[File:МУСАЕВ_2.jpg|thumb|М. Мусаев иш үстүндө.]]</div>Бүткүл союздук кино 9-фестивалында (1976) Чоң байгеге <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Италияда (Тренто шаары) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари шаары) атайын байгеге ээ болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун | |||
<abbr data-short="Мамл." data-full="Мамлекеттик" data-extended="true">Мамлекеттик</abbr> сыйлыгынын лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйлыгынын (2009) ээси. Кыргыз Республикасынын Кино <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr> академиясынын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» <abbr data-short="ун-т" data-full="университет" data-extended="true">университет</abbr>инин профессору (2001). Даңк медалы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | |||
[[ | |||
26 ноябрь 2026, саат 11:17 учурдагы соңку нуска
МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын шаары) - кинооператор-коюучу,Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1977), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин (ВГИК) операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында жардамчы оператор, 1970-жылдан оператор.
Алгач документ фильмдери («Муке», «Жогорку чыңалуу» жана башкалар) «Советтик Кыргызстан», «Күндөлүк жаңылыктар» киножурналдарына кирген М. Мусаев тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) жана башкалар. Ал Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) байге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе шаарында өткөн

Бүткүл союздук кино 9-фестивалында (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто шаары) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари шаары) атайын байгеге ээ болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун
Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), «Айкөл Манас - жыл адамы» сыйлыгынын (2009) ээси. Кыргыз Республикасынын Кино искусство академиясынын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2001). Даңк медалы менен сыйланган.
