ОПТИМИЗМ ЖАНА ПЕССИМИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОПТИМЙЗМ ЖАНА ПЕССИМЙЗМ (латынча орПтиз - эң мыкты жана реззхтиз - эң начар) - дүйнөдө өтүп жаткан окуяларга карама-каршы келген көз караштар системасы. Оптимизм (О.) - дүйнөдөгү оң башталмалар, жакшылыктар ба­сымдуулук кылат деген, пессимизм (П.) - дүй­нөдө терс башталмалар, кара санатайлыктар ба­сымдуу деген түшүнүктөр. Бул түшүнүктөрдүн маани-максаты - дүйнө кабылдоодо баалоочу оң-терс өлчөмдөрдөн кароосу. Алар сезим-туюм­дарга негизделген эмоциялык, терең теориялык жо­болорго таянган идеол. деңгээлдерден турат. Прогресс жана регресс О. менен П-ден айырмала­нып, коомдук процессти алда канча кеңири планда чагылдырат.