ОПТИМИЗМ ЖАНА ПЕССИМИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОПТИМЙЗМ ЖАНА ПЕССИМЙЗМ (латынча орПтиз - эң мыкты жана реззхтиз - эң начар) - дүйнөдө өтүп жаткан окуяларга карама-каршы келген көз караштар системасы. Оптимизм (О.) - дүйнөдөгү оң башталмалар, жакшылыктар басымдуулук кылат деген, пессимизм (П.) - дүйнөдө терс башталмалар, кара санатайлыктар басымдуу деген түшүнүктөр. Бул түшүнүктөрдүн маани-максаты - дүйнө кабылдоодо баалоочу оң-терс өлчөмдөрдөн кароосу. Алар сезим-туюмдарга негизделген эмоциялык, терең теориялык жоболорго таянган идеол. деңгээлдерден турат. Прогресс жана регресс О. менен П-ден айырмаланып, коомдук процессти алда канча кеңири планда чагылдырат.