ОПЕРЕТТА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПЕРЕТТА (итал. operetta, сөзмө-сөз - кичинекей опера) - музыкалык-театр жанры, вокалдык жана аспаптык музыкалык номерлер, ошондой эле бий, оозеки диалогдор менен кезектешип туруучу, көбүнчө күлкүлүү мүнөздөгү оюн. О. 19-к-дын ортосунда Парижде пайда болгон. Алгачкы үлгүлөрүнө сатиралык багыт, заманбап көрүнүштөр мүнөздүү болсо, кийин лирикалык жана жанрдык башталыш чоң мааниге ээ болгон. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында Вена 0-сы алдынкы орунду ээлеген. Башка өлкөлөрдө да О. мектеби калыптана баштаган. Батыш европалык 0-дын көпчүлүгү жеңил-желпи көңүл ачуу, вульгаризмден, ошондой эле драматургиялык штамптан арыла алган эмес. Советтик О. улуттук комедиялык операнын элдик жана массалык ыр жанрынын негизинде өнүккөн. Белгилүү О-лар: Ж. Оффенбах, «Татынакай Елена» (1864) жана «Перикола» (1868), Ш. Лекоктун «Анго айымдын кызы» (1872), Ф. Зуппе, «Донна Жуанита» (1880), И. Штраус (уулу) «Жарганат»(1874) жана «Цыган барону» (1885), Ф. Легар «Шайыр жесир» (1905), И. Кальман, «Сильва» (1915), Н. М. Стрельников, «Күң» (1929), Башкача Айтканда Александров, «Малиновкадагы тою» (1937), И. О. Дунаевский «Эркин шамал» (1947) жана «Ак акация» (1955), Г. С. Милютин, «Трембита» (1949), Д. Д. Шостакович, «Москва, Черёмушка» (1959); Т. Н. Хренников, «Жүз шайтан жана бир кыз» (1963); О. Б. Фельцман, «Гитара ойнолсун» (1975). Кыргызстанда Н. Давлесовдун «Аста-секин колукту» чыгармасы О. деп эсептелет.