ОПЕРЕТТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРЕТТА (итал. operetta, сөзмө-сөз - кичине­кей опера) - музыкалык-театр жанры, вокалдык жана аспаптык музыкалык номерлер, ошондой эле бий, оозеки диа­логдор менен кезектешип туруучу, көбүнчө күл­күлүү мүнөздөгү оюн. О. 19-к-дын ортосунда Па­рижде пайда болгон. Алгачкы үлгүлөрүнө сати­ралык багыт, заманбап көрүнүштөр мүнөздүү болсо, кийин лирикалык жана жанрдык башта­лыш чоң мааниге ээ болгон. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында Вена 0-сы алдынкы орунду ээлеген. Башка өлкөлөрдө да О. мектеби калып­тана баштаган. Батыш европалык 0-дын көпчүлүгү жеңил-желпи көңүл ачуу, вульгаризмден, ошондой эле драматургиялык штамптан арыла алган эмес. Советтик О. улуттук комедиялык операнын элдик жана массалык ыр жанрынын негизинде өнүккөн. Белгилүү О-лар: Ж. Оффенбах, «Татынакай Еле­на» (1864) жана «Перикола» (1868), Ш. Лекоктун «Анго айымдын кызы» (1872), Ф. Зуппе, «Дон­на Жуанита» (1880), И. Штраус (уулу) «Жарга­нат»(1874) жана «Цыган барону» (1885), Ф. Ле­гар «Шайыр жесир» (1905), И. Кальман, «Силь­ва» (1915), Н. М. Стрельников, «Күң» (1929), Башкача Айтканда Александров, «Малиновкадагы тою» (1937), И. О. Дунаевский «Эркин шамал» (1947) жана «Ак акация» (1955), Г. С. Милютин, «Тремби­та» (1949), Д. Д. Шостакович, «Москва, Черё­мушка» (1959); Т. Н. Хренников, «Жүз шайтан жана бир кыз» (1963); О. Б. Фельцман, «Гитара ойнолсун» (1975). Кыргызстанда Н. Давлесовдун «Аста-секин колукту» чыгармасы О. деп эсеп­телет.