ООЧА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ООЧА - куш кармоо үчүн тор жайганда, же көгүчкөндү ичке жип менен байлап, кармап жатчу жашырын (көмүскө) жай. Күз айынын башында саятчы куштар өтүүчү жерлерден таштуу жер тандап, таш короо жасап, же бадалдан кашаа сыяктуу О. куруп, бет маңдай жагын калканч кылат. Өзүнөн төмөн жакка тегерете төрт чыбык сайып, сыртынан тор жаят (кадимки балык тору сыяктуу), саятчы өзү жата турган жагын ачык калтырат. Тордун башкы кежигесин аттын куйрук кылынан тузак сыяктуу эшип жасайт. Кежигеден өткөрүлгөн жиптин эки учун эшик жагына сайылган чыбыктарга байлап коёт. Андан кийин эки кыска чыбык алып, анын бирин тордун төр жагына, экинчисин эшик жагына саят. Эшик жагындагы чыбыктын ачасы болот. Көгүчкөндү тырпырата турган учун такап тап менен тээкке байлап, экинчи учун ача чабыла арта салып барып, 0-нын ичине шиш сайып байлап коёт да, куштун келер жагын көзөмөлдөп олтура берет. Алгыр куштар: (бүркүт, ителги, чүйлү, кыргый, ылаачын, турумтай ж. б.) өтүп бара жатканда көгүчкөндү тырпыратуу керек. Учуп бараткан куш көгүчкөндү алмакчы болуп келип, торго түшөт.