ООЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООЧА - куш кармоо үчүн тор жайганда, же кө­гүчкөндү ичке жип менен байлап, кармап жатчу жашырын (көмүскө) жай. Күз айынын башын­да саятчы куштар өтүүчү жерлерден таштуу жер тандап, таш короо жасап, же бадалдан кашаа сыяктуу О. куруп, бет маңдай жагын калканч кылат. Өзүнөн төмөн жакка тегерете төрт чы­бык сайып, сыртынан тор жаят (кадимки ба­лык тору сыяктуу), саятчы өзү жата турган жа­гын ачык калтырат. Тордун башкы кежигесин аттын куйрук кылынан тузак сыяктуу эшип жасайт. Кежигеден өткөрүлгөн жиптин эки учун эшик жагына сайылган чыбыктарга байлап коёт. Андан кийин эки кыска чыбык алып, анын бирин тордун төр жагына, экинчисин эшик жагына саят. Эшик жагындагы чыбык­тын ачасы болот. Көгүчкөндү тырпырата тур­ган учун такап тап менен тээкке байлап, экинчи учун ача чабыла арта салып барып, 0-нын ичи­не шиш сайып байлап коёт да, куштун келер жагын көзөмөлдөп олтура берет. Алгыр куш­тар: (бүркүт, ителги, чүйлү, кыргый, ылаачын, турумтай ж. б.) өтүп бара жатканда көгүчкөндү тырпыратуу керек. Учуп бараткан куш көгүч­көндү алмакчы болуп келип, торго түшөт.