ОМБУДСМЕН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМБУДСМЕН (швед. отЪибзтап - өкул, акыйкатчы), а к ы й к а т ч ы - айрым өлкөлөрдө аткаруу бийлик органы жана кызмат адамдарынын ишмердуулүгүнө карата жарандардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында атайын жоопкерчилик ыйгарылган кызмат адамы. «О.» түшүнүгү алгач 18-к-дын башында шведдерде пайда болгон. 1713-жылы швед королу Карл XII «Канцелярия жөнүндө» жободо О. кызматын киргизген. Кийин 0. йн-ту Финляндия (1919), Эстония (1938), Норвегия (1952), Дания (1953) ж. б. Скандинавия өлкөлөрүнөн Европа, Америка, Азия, Африка, Океаниянын көптөгөн өлкөлөрүнө кеңири тараган. Азыркы учурда адам укуктарын коргоону милдет туткан дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө 0. институту бар. КР Президенти 2002-жылы 31-июлда «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө» мыйзамга кол коюп, КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан мыйзам кабыл алынган. 2002-жылдын 21-ноябрында КР Омбудсменине (Акыйкатчы) биринчи жолу шайлоолор өткөрүлүп, 2002-жылы 13-декабрда Кыргыз Омбудсмени (Акыйкатчы) расмий түрдө ишке киришкен. Ал КР жарандарынын конституциялык укугун жана эркиндигин сактоону көзөмөлдөйт. 5 жылга шайланып, мөөнөтү бүткөнчө кол тийгис укукка ээ. КРдин омбудсмендери: Бакир уулу Турсунбай (2002-08), Турсунбек Акун (2008-13), 2013-жылдан Аманбаев Бакыт.