ОМБУДСМЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМБУДСМЕН (швед. отЪибзтап - өкул, акый­катчы), а к ы й к а т ч ы - айрым өлкөлөрдө аткаруу бийлик органы жана кызмат адамдары­нын ишмердуулүгүнө карата жарандардын мый­замдуу укугун жана кызыкчылыгын коргоо мак­сатында атайын жоопкерчилик ыйгарылган кызмат адамы. «О.» түшүнүгү алгач 18-к-дын башында шведдерде пайда болгон. 1713-жылы швед королу Карл XII «Канцелярия жөнүндө» жобо­до О. кызматын киргизген. Кийин 0. йн-ту Фин­ляндия (1919), Эстония (1938), Норвегия (1952), Дания (1953) ж. б. Скандинавия өлкөлөрүнөн Европа, Америка, Азия, Африка, Океаниянын көптөгөн өлкөлөрүнө кеңири тараган. Азыркы учурда адам укуктарын коргоону милдет тут­кан дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө 0. институту бар. КР Президенти 2002-жылы 31-июлда «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө» мыйзамга кол коюп, КР ЖКнын мый­зам чыгаруу жыйыны тарабынан мыйзам ка­был алынган. 2002-жылдын 21-ноябрында КР Омбудсменине (Акыйкатчы) биринчи жолу шай­лоолор өткөрүлүп, 2002-жылы 13-декабрда Кыргыз Омбудсмени (Акыйкатчы) расмий түрдө ишке киришкен. Ал КР жарандарынын конституция­лык укугун жана эркиндигин сактоону көзөмөл­дөйт. 5 жылга шайланып, мөөнөтү бүткөнчө кол тийгис укукка ээ. КРдин омбудсмендери: Бакир уулу Турсунбай (2002-08), Турсунбек Акун (2008-13), 2013-жылдан Аманбаев Бакыт.