ОЙСТРАХ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЙСТРАХ Давид Фёдорович [17 (30). 9. 1908, Одесса - 24. 10. 1974, Амстердам, сөөгү Москва­га коюлган] - советтик скрипач, дирижёр, педагог,

СССР эл арт. (1953). Берлин искусство академия­сынын корреспондент мүчө­сү (Германия Де­мокр. Респ., 1961), Кембриж университети­нин доктору (1969), 1926-жылы Одесса музыкалык-драма институтун бүтүргөн, 1934- жылдан Москва консерватория­сында окутуучу, проф. (1939), 1950- жылдан скрипка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Бүткүл союздук (1935) жана Эл аралык (1935, 1937) конкурстардын лау­реаты. Анын репертуарына скрипка үчүн класси­калык жана заманбап музыкалар кирген. Д. Шос­такович, С. Прокофьев, А. Хачатурян, Н. Мяс­ковский ж. б. композиторлордун скрипка үчүн жазылган концерттеринин жана сонаталарынын тунгуч аткаруучусу. СССР мамлекеттик сыйл. (1943), Ле­ниндик сыйл. (1960) лауреаты. Эки Ленин орде­ни, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Ямполъский И. Давид Ойстрах. 2-е изд. М.; 1968.