ОЙСТРАХ
ОЙСТРАХ Давид Фёдорович [17 (30). 9. 1908, Одесса - 24. 10. 1974, Амстердам, сөөгү Москвага коюлган] - советтик скрипач, дирижёр, педагог,

СССР эл арт. (1953). Берлин искусство академиясынын корреспондент мүчөсү (Германия Демокр. Респ., 1961), Кембриж университетинин доктору (1969), 1926-жылы Одесса музыкалык-драма институтун бүтүргөн, 1934- жылдан Москва консерваториясында окутуучу, проф. (1939), 1950- жылдан скрипка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Бүткүл союздук (1935) жана Эл аралык (1935, 1937) конкурстардын лауреаты. Анын репертуарына скрипка үчүн классикалык жана заманбап музыкалар кирген. Д. Шостакович, С. Прокофьев, А. Хачатурян, Н. Мясковский ж. б. композиторлордун скрипка үчүн жазылган концерттеринин жана сонаталарынын тунгуч аткаруучусу. СССР мамлекеттик сыйл. (1943), Лениндик сыйл. (1960) лауреаты. Эки Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Ямполъский И. Давид Ойстрах. 2-е изд. М.; 1968.