ОЗАРК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЗАРК — АКШнын борбордук бөлүгүндөгү плато, Борбордук түздүктүн түштүк-чыгышында. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн; чы­гышында кембрийге чейин пайда болгон түпкү тектер жер бетине чыгып жатат (мисалы, Сент­Фрэнсис). Дарыялар менен өтө тилмеленген, ай­рым жерлерине карст процесстери мүнөздүү. Орт. бийиктиги 500 л«ге чейин, эң бийик жери 823 м (Бостон тоосу). Кызыл жана сары топурактуу. Дөңсөөлөрүндө негизинен эмендүү токой сактал­ган. Полиметалл кендери (Сент-Жозеф, Три­Стейтс) казылып алынат. Аймагынын басым­дуу бөлүгү - а. ч-на жарактуу жерлер.