ОЗАРК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОЗАРК — АКШнын борбордук бөлүгүндөгү плато, Борбордук түздүктүн түштүк-чыгышында. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн; чыгышында кембрийге чейин пайда болгон түпкү тектер жер бетине чыгып жатат (мисалы, СентФрэнсис). Дарыялар менен өтө тилмеленген, айрым жерлерине карст процесстери мүнөздүү. Орт. бийиктиги 500 л«ге чейин, эң бийик жери 823 м (Бостон тоосу). Кызыл жана сары топурактуу. Дөңсөөлөрүндө негизинен эмендүү токой сакталган. Полиметалл кендери (Сент-Жозеф, ТриСтейтс) казылып алынат. Аймагынын басымдуу бөлүгү - а. ч-на жарактуу жерлер.