ОДЕССА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОДЕССА - Украинадагы баатыр-шаар (1945- жылдан). Одесса облусунун администрациялык борбору. Кара деңиздеги ири порт. Калкы 1,0 миллион (2010). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү (станок, муздаткыч, медициналык, соода, полигр. ж. б. жабдуулар, топуракты иштетүүчү агрегаттар, эсептөөчү машиналар, а. ч. техникалары), химиялык, нефть ажыратуу, химиялык-фармацевтика, тамак-аш-татымал, женил (жут, текстиль ж. б.), курулуш материалдар ө. ж. ишканалары жана болот прокат өндүрүш бирикмеси иштейт. 14 ЖОЖ (анын ичинде университет, консерватория), Украина ИАнын Түштүк илимий борбору, 7 театр (анын ичинде опера жана балет), музейлер (археол., сүрөт, адабият, Батыш жана Чыгыш өнөрү, Дениз флоту,
тарыхый-край таануу), А. С. Пушкиндин адабий-мемориал музейи бар. Шаар 15-к-да түрк чеби Хажибейдин ордунда негизделген. 1794- жылдан шаар. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушта О. баатырдык менен 73 күн коргонуусу аркылуу даңкталат. Шаардын борбордук бөлүгүндө классика стилиндеги курулуш ансамблдери А. Э. Ришельенин эстелиги менен, Потёмкин шатысы (1826-41), Воронцов, Потоцкий жана Нарышкиндердин ак сарайлары, эски бирж'а, госпиталь сакталган. О-да жана анын чет жакасында бальнеол. баткак курорттору (Аркадий, Лузановка ж. б.) жайгашкан.
