ОДЕССА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОДЕССА - Украинадагы баатыр-шаар (1945- жылдан). Одесса облусунун администрациялык борбору. Кара деңиздеги ири порт. Калкы 1,0 миллион (2010). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү (станок, муздаткыч, медициналык, соода, по­лигр. ж. б. жабдуулар, топуракты иштетүүчү агрегаттар, эсептөөчү машиналар, а. ч. техни­калары), химиялык, нефть ажыратуу, химиялык-фарма­цевтика, тамак-аш-татымал, женил (жут, тек­стиль ж. б.), курулуш материалдар ө. ж. ишка­налары жана болот прокат өндүрүш бирикмеси иштейт. 14 ЖОЖ (анын ичинде университет, консерватория), Украина ИАнын Түштүк илимий борбору, 7 театр (анын ичинде опера жана балет), музейлер (археол., сүрөт, адабият, Батыш жана Чыгыш өнөрү, Дениз флоту,

Шаардагы «Одесса» мейманканасы жана дениз порту.

тарыхый-край таануу), А. С. Пушкиндин ада­бий-мемориал музейи бар. Шаар 15-к-да түрк чеби Хажибейдин ордунда негизделген. 1794- жылдан шаар. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушта О. баатырдык менен 73 күн коргонуусу аркылуу даңкталат. Шаардын борбордук бөлүгүн­дө классика стилиндеги курулуш ансамблдери А. Э. Ришельенин эстелиги менен, Потёмкин ша­тысы (1826-41), Воронцов, Потоцкий жана На­рышкиндердин ак сарайлары, эски бирж'а, гос­питаль сакталган. О-да жана анын чет жакасын­да бальнеол. баткак курорттору (Аркадий, Лу­зановка ж. б.) жайгашкан.