НҮЗҮП БИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НҮЗҮП БИЙ, Нүзүп Эсенбай уулу (1798, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Авлетим айылы - 1844, Өзбекстан, Ярмазар) - 19-к-дагы белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлердин бири; Кокон хандыгындагы аскер башчы. Омор хандын (1810- 22) тушунда он башы, жуз башы, Мадалы хандын мезгилинде паңсат, датка наамдарына ээ болуп, «акимдик» кызматка чейин көтөрүлгөн. Н. б-дин саясий иш-аракетинин аркасы менен 1842-жылы Кокон хандыгынын тагына Шераалы хан отурган. Хандын буйругу менен Н. б. Кокон мамлекетинин «миң башы» кызматына дайындалган. Шералы хандын тушунда Н. тажрыйбалуу саясат ишмер катары ордонун негизги фигурасына айланган. 1844-жылы Мусулманкул жана Шады датка уюштурган кутумдун курмандыгы болгон.