НҮЗҮП БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НҮЗҮП БИЙ, Нүзүп Эсенбай уулу (1798, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Авлетим айылы - 1844, Өзбекстан, Ярмазар) - 19-к-дагы белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлердин бири; Кокон хан­дыгындагы аскер башчы. Омор хандын (1810- 22) тушунда он башы, жуз башы, Мадалы хан­дын мезгилинде паңсат, датка наамдарына ээ болуп, «акимдик» кызматка чейин көтөрүлгөн. Н. б-дин саясий иш-аракетинин аркасы менен 1842-жылы Кокон хандыгынын тагына Шераалы хан отурган. Хандын буйругу менен Н. б. Кокон мамлекетинин «миң башы» кызматына дайын­далган. Шералы хандын тушунда Н. тажрый­балуу саясат ишмер катары ордонун негизги фи­гурасына айланган. 1844-жылы Мусулманкул жана Шады датка уюштурган кутумдун курмандыгы болгон.