НООКАТ ГИПС КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НООКАТ ГИПС КЕНИ Ош облусунун Ноокат р-нунда, Ош шаарынан 29 км түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1300-1700 м бийиктикте. 1957-жылы «Средазгеол­неруд» трести жана 1983-88-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын палео­ген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Гипс бири-биринен аки таш теги менен бөлүнгөн эки-үч катмардан турат. Чыгыш жагында калыңдыгы 24 м жана 20-25 м болгон эки ка­бат изилденген. Батыш жагында калыңдыгы 16,14 м, 4,60 м жана 3,72 м болгон үч кабат кез­дешет. Технол. касиети боюнча 1-сорттогу курулуш гипсине кирет. Кыртышты гипстөөдө жана це­мент өндүрүүдө колдонулат. Баланстык запасы А+В+С^ категориясы боюнча 16566 миң т.