НООКАТ ГИПС КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НООКАТ ГИПС КЕНИ Ош облусунун Ноокат р-нунда, Ош шаарынан 29 км түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1300-1700 м бийиктикте. 1957-жылы «Средазгеолнеруд» трести жана 1983-88-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Гипс бири-биринен аки таш теги менен бөлүнгөн эки-үч катмардан турат. Чыгыш жагында калыңдыгы 24 м жана 20-25 м болгон эки кабат изилденген. Батыш жагында калыңдыгы 16,14 м, 4,60 м жана 3,72 м болгон үч кабат кездешет. Технол. касиети боюнча 1-сорттогу курулуш гипсине кирет. Кыртышты гипстөөдө жана цемент өндүрүүдө колдонулат. Баланстык запасы А+В+С^ категориясы боюнча 16566 миң т.