НОГОЙБАЕВ Болотбек Бердибекович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОГОЙБАЕВ Болотбек Бердибекович (10. 11. 1955-жылы туулган, Чүй обл., Жайыл району, Тельман айылы) - милициянын генерал-лейтенанты (Президенттин жобосу менен 2007-жылдан, ИИМдин буйругу менен 2005-жылдан), юридика илимдеринин кандидаты. КМУну

(1983), СССР ИИМ Академиясын (1987) бүтүргөн. 1976-77-ж. Пишпек станциясынын милиция бөлүмүндө милиционер, 1978-80-ж. инспектор, 1980- 81-ж. инспекция начальниги, 1981-82-ж. ички иштер бөлүмүндө, 1982-85-ж. оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1987-90-ж. начальник, 1990-95-ж. Свердлов р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1995-96-ж. Талас облусунун ички иштер башкармалыгында оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1996- 98-ж. КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкармалыгынын начальниги, 1998-99-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1999-2001, 2002-04-ж. КР ички иштер министринин орун басары, 2001-02-ж. КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2005-жылы февраль - август айларында КР Коопсуздук кеңешинин секретариатынын башкы инспектору, 2005-07-ж. жана 2008-09-ж. КРдин Баңги заттарды контролдоо агенттигинин директору, 2007-08-ж. КР ички иштер министри болуп иштеген.