НОГОЙБАЕВ Болотбек Бердибекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОГОЙБАЕВ Болотбек Бердибекович (10. 11. 1955-жылы туулган, Чүй обл., Жайыл району, Тельман айы­лы) - милициянын генерал-лейтенанты (Пре­зиденттин жобосу менен 2007-жылдан, ИИМдин буйругу менен 2005-жылдан), юридика илимдеринин кандида­ты. КМУну

(1983), СССР ИИМ Академиясын (1987) бүтүргөн. 1976-77-ж. Пиш­пек станциясынын мили­ция бөлүмүндө милиционер, 1978-80-ж. инспектор, 1980- 81-ж. инспекция начальни­ги, 1981-82-ж. ички иштер бөлүмүндө, 1982-85-ж. опе­ративдик иштер боюнча на­чальниктин орун басары, 1987-90-ж. начальник, 1990-95-ж. Свердлов р-ндук ички иштер бөлү­мүнүн начальниги, 1995-96-ж. Талас облусунун ички иштер башкармалыгында оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1996- 98-ж. КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкар­малыгынын начальниги, 1998-99-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1999-2001, 2002-04-ж. КР ички иштер минист­ринин орун басары, 2001-02-ж. КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2005-жылы февраль - август айларын­да КР Коопсуздук кеңешинин секретариатынын башкы инспектору, 2005-07-ж. жана 2008-09-ж. КРдин Баңги заттарды контролдоо агенттиги­нин директору, 2007-08-ж. КР ички иштер ми­нистри болуп иштеген.