География:АКӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
АКӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталган Жаңарт суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн 300–400 м жогорку бөлүгү капталдардан кулап түшкөн муздар м-н тилмеленген. Этеги тик капталда жаткандыктан тепкич сымал аяктайт. Өрөөндүн капталдарындагы коолордун чатында кар көчкүдөн пайда болгон конустар көп. Мөңгү аркылуу аты окшош ашуу өтөт. Этеги 1943–62-ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңарт суусуна оң жактан куят. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
АКӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталган Жаңарт суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн 300–400 м жогорку бөлүгү капталдардан кулап түшкөн муздар м-н тилмеленген. Этеги тик капталда жаткандыктан тепкич сымал аяктайт. Өрөөндүн капталдарындагы коолордун чатында кар көчкүдөн пайда болгон конустар көп. Мөңгү аркылуу аты окшош ашуу өтөт. Этеги 1943–62-ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңарт суусуна оң жактан куят.