География:АКӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталган Жаңарт суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн 300–400 м жогорку бөлүгү капталдардан кулап түшкөн муздар м-н тилмеленген. Этеги тик капталда жаткандыктан тепкич сымал аяктайт. Өрөөндүн капталдарындагы коолордун чатында кар көчкүдөн пайда болгон конустар көп. Мөңгү аркылуу аты окшош ашуу өтөт. Этеги 1943–62-ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңарт суусуна оң жактан куят.