ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (Lera «ЛОЛЛОБРИДЖИДА» барагын «ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина» деп кайра атады) |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
[[Category:5-том, | <strong data-text-type="type_1_article_title">ЛОЛЛОБРИДЖИДА </strong>Жина (өз ысмы Луиджина; 4. 7. 1927-<abbr data-short="ж. т." data-full="жылы туулган" data-extended="true">жылы туулган</abbr>, Субиако - 16. 1. 2023, Рим - Италия) - италиян актрисасы. 1946-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуулук конкурсунан кийин белгилүү боло баштаган. Ж. Филипп <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> «Фанфан-Тюльпан» (режиссёру Кристиан Жак) окуялуу фильмине тартылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн неореализмдин» фильмдерине, <abbr data-short="а. и." data-full="анын ичинде" data-extended="true">анын ичинде</abbr> ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» комедияларына В. Де Сика <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге тартылган. Кийин Лоллобриджида италия, <abbr data-short="европ." data-full="европалык" data-extended="true">европалык</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <abbr data-short="амер." data-full="америкалык" data-extended="true">америкалык</abbr> көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» жана башкалар) тартылган. 1970-жылдары Лоллобриджида Куба <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr> «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> алектенет. Чыгармачылыгы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кино искусствосуна кошкон салымы үчүн Батыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) [[ЭКФ]] сыйлыгын алган. Ардактуу легион ордени <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган. | ||
Эмг.: '''Italia mia.''' Firenze, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975. | |||
[[Category:5-том,_101-200_бб]] | |||
20 ноябрь 2026, саат 06:37 учурдагы соңку нуска
ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина (өз ысмы Луиджина; 4. 7. 1927-жылы туулган, Субиако - 16. 1. 2023, Рим - Италия) - италиян актрисасы. 1946-жылы «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-жылы Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуулук конкурсунан кийин белгилүү боло баштаган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (режиссёру Кристиан Жак) окуялуу фильмине тартылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн неореализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» комедияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Лоллобриджида италия, европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» жана башкалар) тартылган. 1970-жылдары Лоллобриджида Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыгармачылыгы жана кино искусствосуна кошкон салымы үчүн Батыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйлыгын алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.
Эмг.: Italia mia. Firenze, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975.