НИКАРАГУА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИКАРАГУА, Никарагуа Республик а с ы - Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүк- чыгышынан Гондурас,

түштүгүнөн Коста-Рика менен чектешет. Түштүк-батышын Тынч океан, чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 130,4 миң
км2. Калкы 5,9 миллион (2010). Борбору - Манагуа. Администрациялык-аймактык жактан 15 департаментке жана 2 автономия облусуна бөлүнөт. Акча бирдиги - кордоба.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005) | |||
Департаменттери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Администрациялык борборлору |
Боако | 4,24 | 150,64 | Боако |
Карасо | 1,08 | 166,08 | Хинотепе |
Чинандега | 4,93 | 378,97 | Чинандега |
Чонталес | 6,38 | 153,94 | Хуигальпа |
Эстели | 2,34 | 201,55 | Эстели |
Гранада | 1,04 | 168,19 | Гранада |
Хинотега | 9,76 | 331,34 | Хинотега |
Леон | 5,11 | 355,78 | Леон |
Мадрис | 1,6 | 132,46 | Сомото |
Манагуа | 3,67 | 1 262,98 | Манагуа |
Масая | 0,59 | 289,99 | Масая |
Матагальпа | 6,8 | 469,18 | Матагальпа |
Нуэва-Сеговия | 3,5 | 208,53 | Окоталь |
Ривас | 2,16 | 156,29 | Ривас |
Сан-Хуан | 7,47 | 95,60 | Сан-Карлос |
Түндүк Атлаттика | 32,16 | 314,13 | Пуэрто-Ка- |
(авт.) | бесас | ||
Түштүк Атлаттика | 27,41 | 306,51 | Блуфилдс |
(авт.) | |||
Н. - БУУнун (1945), ЭВФтин (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Бүткүл дүйнөлүк метеорол. уюмдун (1959), Америкалар үчүн Боливия альянсынын (2007), ИНТЕРПОЛдун (1965), Улуттук өндүрүшчүлөр ассоциациясынын ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - президенгтик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу Улуттук Ассамблея. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Сандино Улуттук боштондук фронту, Либералдык-конституциялык партия, Никарагуалык демокр. блок, Никарагуалык либералдык альянс ж. б.
Т а б и я т ы. Өлкө ландшафтынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу 4 табигый облуска бөлүнөт. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн түштүктү көздөй кууштап кеткен Никарагуа тайпак тоосу ээлейт. Чыгышын Кариб деңизин жээктей ойдуңдардан турган 2-облус (Желимчелүү жээк), 3-облус Фонсека булуңунан түштүк-чыгышты көздөй кеткен Кариб жээк тилкеси, 4-облус көптөгөн аракеттеги жанартоолору бар аймак. Борбордук тоолуу облус (Никарагуа тайпак тоосу) жогорудан төмөндү көздөй багытталган бүктөлүштү элестеткен татаал системалуу кырка тоолорду түзөт. Түштүк- батыштагы тоолордун бийикт. 1500 лгге чейин жетип, чыгышты көздөй 600 лгге чейин төмөндөйт. Өлкөнүн чыгышы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Желимчелүү (москитный) жээктеги ойдундардын туурасы айрым жерлеринде 80 кмге жетип, Сан-Хуан д-нан түндүктү көздөй Гондурастын чек арасына чейин созулат. Бул ойдуң аркылуу көптөгөн дарыялар (Коко, Рио-Эскондо ж. б.) агып, жери саздак келет. Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Консепсьон (бийикт. 1557 м), Момотомбо (1259 м) жанартоолору бар. Эң бийик жери - Моготон чокусу (2438 м). Климаты тропиктик пассаттык (түндүк-чыгышы) жана субэкватордук (түштүк-батышы). Орт. айлык темпрасы 25-28°С (тоолордо 16-22°С). Жылдык жаанчачыны 1000=6200 мм (тоолордо). Ири дарыялары: Сан-Хуан, Рио-Эскондо, Морейра, Индель-
та ж. б. Көлдөрү - Манагуа, Никарагуа ж. б. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тропиктик дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой жана бадалдар ээлейт. Волькан-Масая, Саслая улуттук парктары, Апанас резерваты уюштурулган.

Калкынын 80%тен ашыгы католик, калгандары протестант ж. б. диндерди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 33,73), өлүм-житим орт. (ЮООге 6,45). Жаш балдардын өлүмү да өтө жогору (ЮООге 50,3). Орт. жыштыгы 1 км2 44,0 киши (2009). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 69,6 жаш, аялдарыныкы - 74. Шаар калкы 57% (2008). Ири шаарлары: Манагуа, Матагальпа, Чинандега ж. б.
Т а р ы х ы. Н. аймагын Мексикадан келген индей уруулары (никарао, мискихо ж. б.) эзелтен мекендеген. Өлкө ошол уруулардын башчыларынын бири Никараонун ысымынан аталган. 1502-ж. Н-га биринчи жолу испандар келип, аны колониялаган: 1523-ж. Н. аймагын Санто-Домино ауденсиясына, 1539-ж. Панамага, 1573-ж. Гватемал генерал-губернаторлугуна кошкон. Америкадагы испан колонияларынын
боштондук согушунун учурунда 1821-ж. 15- ноябрда Н. көз карандысыздыгын алган. 1823- 38-ж. Н. Борбордук Америка бириккен провинциялар федерациясынын (башында Мексика турган) бир бөлүгү болгон. 1838-жылдан Н. өз алдынча респ. 1912-жылдан Н-да америкалык монополиянын таасири күчөп, иш жүзүндө анын колониясына айланган. 1920-ж. А. С. Сандино жетектеген чакан отряд америкалык интервенттерге каршы күрөшкө чыгып, 1934-ж. америкалыктарды тынчтык пактыга кол коюуга мажбурлаган. 1934-ж. Улуттук гвардиянын башчысы А. Самоса Сандинону өлтүрүп, узак убакытка диктатура орноткон. 1979-ж. июлда Сандино атындагы Улуттук боштондукка чыгаруу фронту (СУБЧФ) диктатор Самосаны өлкөдөн кууп чыгып, Н-нын улуттук кайра жаралуусунун Убактылуу демокр. өкмөтүн түзгөн. Жарандык согушка байланыштуу өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалдан улам, 1990-ж. февралдагы шайлоодо оппозициячыл блок бийликке келип, 1996-жылдан ЛКП (Либералдык-конституциялык партия) башында турган оңчул оппозиция бийликте. 2006-жылдан президенти — Даниэль Ортега.
Экономикасы. Н. — Латын Америкасындагы жакыр мамлекеттердин бири (калкынын 48% и өтө жакыр). Экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 16,5 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56,4, ө. ж-дыкы 25,8, а. ч-ныкы 17,8. Алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк ж. б. казылып алынат. 2007-ж 3,3 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көпчүлүгүн ЖЭБден алынат. А. ч. сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, химия, текстиль, суусундук, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Экспорттук а. ч. продуктулары: пахта, кофе, бал камыш, банан, тамеки ж. б. Башкы а. ч. өсүмдүктөрү - кофе, бал камыш, тамеки; андан тышкары кокос пальмасы, ананас, какао, цитрустар, манго өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы._анча жакшы өнүккөн эмес. Бодо мал, чочко асыралат, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана дениз продуктулары даярдоо жүргүзүлөт. Автомобиль жолунун уз. 19,1 миң км (2009; анын ичинде асфальтталганы 2 мин км), т. ж. жок. Никарагуа жана
Манагуа көлдөрүндө кеме жүрөт. Башкы порттору: Коринто (Тынч океанында), Пуэрто-Кабесас, Блуфилдс (Атлантика океанында). Сыртка кофе, бал камыш, банан, тамеки, эт, сүт азыктарын, алтын, жер жаңгак, креветка, омар ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Коста-Рика, Сальвадор, Венесуэла, Мексика ж. б.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 88% ти түзөт (2008). Леон ш-ндагы Улуттук автономия университети жана Борбордук америка университети сыяктуу ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалары, музейлери бар. «Гасета», «Новедадес», «Пренса», «Нуэво диарио», «Универсаль» ж. б. _ири гезиттери чыгат. Радиоуктуруу 1953-жылдан, телекөрсөтүү 1956- жылдан иштейт. 10 улуттук телеканалы, 30 радиостанциясы бар (2012).




