НИКАРАГУА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКАРАГУА, Никарагуа Республи­к а с ы - Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүк- чыгышынан Гондурас,

түштүгүнөн Коста-Рика менен чектешет. Түштүк-батышын Тынч океан, чы­гышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 130,4 миң

км2. Калкы 5,9 миллион (2010). Борбору - Манагуа. Администрациялык-аймактык жактан 15 департаментке жана 2 авто­номия облусуна бөлүнөт. Акча бирдиги - кор­доба.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)

Департамент­тери

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Боако

4,24

150,64

Боако

Карасо

1,08

166,08

Хинотепе

Чинандега

4,93

378,97

Чинандега

Чонталес

6,38

153,94

Хуигальпа

Эстели

2,34

201,55

Эстели

Гранада

1,04

168,19

Гранада

Хинотега

9,76

331,34

Хинотега

Леон

5,11

355,78

Леон

Мадрис

1,6

132,46

Сомото

Манагуа

3,67

1 262,98

Манагуа

Масая

0,59

289,99

Масая

Матагальпа

6,8

469,18

Матагальпа

Нуэва-Сеговия

3,5

208,53

Окоталь

Ривас

2,16

156,29

Ривас

Сан-Хуан

7,47

95,60

Сан-Карлос

Түндүк Атлаттика

32,16

314,13

Пуэрто-Ка-

(авт.)

бесас

Түштүк Атлаттика

27,41

306,51

Блуфилдс

(авт.)

Н. - БУУнун (1945), ЭВФтин (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Бүткүл дүйнөлүк метеорол. уюмдун (1959), Америкалар үчүн Боли­вия альянсынын (2007), ИНТЕРПОЛдун (1965), Улуттук өндүрүшчүлөр ассоциациясынын ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - пре­зиденгтик республика. Мамлекет жана өкмөт баш­чысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги­нин жогорку органы - бир палаталуу Улуттук Ассамблея. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Сандино Улут­тук боштондук фронту, Либералдык-конститу­циялык партия, Никарагуалык демокр. блок, Никарагуалык либералдык альянс ж. б.

Т а б и я т ы. Өлкө ландшафтынын өзгөчө­лүгүнө байланыштуу 4 табигый облуска бөлүнөт. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн түштүктү көздөй кууштап кеткен Никарагуа тайпак тоосу ээлейт. Чыгышын Кариб деңизин жээктей ойдуңдардан турган 2-облус (Желимчелүү жээк), 3-облус Фон­сека булуңунан түштүк-чыгышты көздөй кеткен Кариб жээк тилкеси, 4-облус көптөгөн аракет­теги жанартоолору бар аймак. Борбордук тоолуу об­лус (Никарагуа тайпак тоосу) жогорудан төмөндү көздөй багытталган бүктөлүштү элестеткен та­таал системалуу кырка тоолорду түзөт. Түштүк- батыштагы тоолордун бийикт. 1500 лгге чейин жетип, чыгышты көздөй 600 лгге чейин төмөн­дөйт. Өлкөнүн чыгышы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Желимчелүү (москитный) жээктеги ойдундардын туурасы айрым жерлеринде 80 кмге жетип, Сан-Хуан д-нан түндүктү көздөй Гонду­растын чек арасына чейин созулат. Бул ойдуң аркылуу көптөгөн дарыялар (Коко, Рио-Эскон­до ж. б.) агып, жери саздак келет. Жер тити­рөөлөр тез-тез болуп турат. Консепсьон (бийикт. 1557 м), Момотомбо (1259 м) жанартоолору бар. Эң бийик жери - Моготон чокусу (2438 м). Кли­маты тропиктик пассаттык (түндүк-чыгышы) жана субэкватордук (түштүк-батышы). Орт. айлык темп­расы 25-28°С (тоолордо 16-22°С). Жылдык жаан­чачыны 1000=6200 мм (тоолордо). Ири дарыя­лары: Сан-Хуан, Рио-Эскондо, Морейра, Индель-

НИКАРАГУА

Никарагуа көлү.

та ж. б. Көлдөрү - Манагуа, Никарагуа ж. б. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тропиктик да­йыма жашыл жазы жалбырактуу токой жана ба­далдар ээлейт. Волькан-Масая, Саслая улуттук парктары, Апанас резерваты уюштурулган.

К а л к ы н ы н негизин метистер (72%) түзөт. Ошондой эле европалыктар (15%), негр (7%), индейлер (6%) да бар. Расмий тили - испан тили.

Матагальпа шаарындагы көчөлөрдүн бири.

Калкынын 80%тен ашыгы католик, калганда­ры протестант ж. б. диндерди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 33,73), өлүм-жи­тим орт. (ЮООге 6,45). Жаш балдардын өлүмү да өтө жогору (ЮООге 50,3). Орт. жыштыгы 1 км2 44,0 киши (2009). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 69,6 жаш, аялдары­ныкы - 74. Шаар калкы 57% (2008). Ири шаар­лары: Манагуа, Матагальпа, Чинандега ж. б.

Т а р ы х ы. Н. аймагын Мексикадан келген индей уруулары (никарао, мискихо ж. б.) эзел­тен мекендеген. Өлкө ошол уруулардын башчы­ларынын бири Никараонун ысымынан аталган. 1502-ж. Н-га биринчи жолу испандар келип, аны колониялаган: 1523-ж. Н. аймагын Сан­то-Домино ауденсиясына, 1539-ж. Панамага, 1573-ж. Гватемал генерал-губернаторлугуна кошкон. Америкадагы испан колонияларынын

Никарагуа акчасы - кордоба.

Shape 4621
Shape 4619

боштондук согушунун учурунда 1821-ж. 15- ноябрда Н. көз карандысыздыгын алган. 1823- 38-ж. Н. Борбордук Америка бириккен провинция­лар федерациясынын (башында Мексика турган) бир бөлүгү болгон. 1838-жылдан Н. өз алдынча респ. 1912-жылдан Н-да америкалык монополиянын таасири күчөп, иш жүзүндө анын колониясына айланган. 1920-ж. А. С. Сандино жетектеген ча­кан отряд америкалык интервенттерге каршы күрөшкө чыгып, 1934-ж. америкалыктарды тынчтык пактыга кол коюуга мажбурлаган. 1934-ж. Улуттук гвардиянын башчысы А. Самоса Сан­динону өлтүрүп, узак убакытка диктатура ор­ноткон. 1979-ж. июлда Сандино атындагы Улуттук боштондукка чыгаруу фронту (СУБЧФ) дик­татор Самосаны өлкөдөн кууп чыгып, Н-нын улуттук кайра жаралуусунун Убактылуу де­мокр. өкмөтүн түзгөн. Жарандык согушка байланыштуу өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалдан улам, 1990-ж. февралдагы шайлоодо оппози­циячыл блок бийликке келип, 1996-жылдан ЛКП (Либералдык-конституциялык партия) башында турган оңчул оппозиция бийликте. 2006-жылдан президенти — Даниэль Ортега.

Экономикасы. Н. — Латын Америка­сындагы жакыр мамлекеттердин бири (калкы­нын 48% и өтө жакыр). Экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 16,5 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,8 миң дол­лардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56,4, ө. ж-дыкы 25,8, а. ч-ныкы 17,8. Алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк ж. б. казылып алынат. 2007-ж 3,3 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көпчүлүгүн ЖЭБ­ден алынат. А. ч. сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, химия, текстиль, суусундук, та­мак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Экспорттук а. ч. продуктулары: пахта, кофе, бал камыш, банан, тамеки ж. б. Башкы а. ч. өсүмдүктөрү - кофе, бал камыш, тамеки; андан тышкары ко­кос пальмасы, ананас, какао, цитрустар, манго өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы._анча жакшы өнүккөн эмес. Бодо мал, чочко асыралат, үй куш­тары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана дениз продуктулары даярдоо жүргүзүлөт. Автомобиль жолунун уз. 19,1 миң км (2009; анын ичинде асфальттал­ганы 2 мин км), т. ж. жок. Никарагуа жана

Ма­нагуа көлдөрүндө кеме жүрөт. Башкы портто­ру: Коринто (Тынч океанында), Пуэрто-Кабесас, Блуфилдс (Атлантика океанында). Сыртка кофе, бал камыш, банан, тамеки, эт, сүт азыктарын, алтын, жер жаңгак, креветка, омар ж. б. чыга­рат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Кос­та-Рика, Сальвадор, Венесуэла, Мексика ж. б.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку би­лим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 88% ти түзөт (2008). Леон ш-ндагы Улуттук автономия университети жана Борбордук америка университети сыяктуу ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалары, музейлери бар. «Га­сета», «Новедадес», «Пренса», «Нуэво диарио», «Универсаль» ж. б. _ири гезиттери чыгат. Ра­диоуктуруу 1953-жылдан, телекөрсөтүү 1956- жылдан иштейт. 10 улуттук телеканалы, 30 ра­диостанциясы бар (2012).