НИГЕРИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИГЕРИЯ, Нигерия Федерация Р е спубликасы- Батыш Африкадагы мамле-

кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-чыгыштан Чад, чыгышынан Камерун, батышынан Бенин менен чектешет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 923,8 миң кмг. Калкы 152,3 миллион (2010). Борбору - Абужа ш. Администрациялык- айм. жактан 36 штатка жана борбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги - найра.
Ацминистрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) | |||
Штаттары | Аянты, миң км2 | Калкы, миллион | Администрациялык борборлору |
Абия | 6,32 | 2,84 | Умуахия |
Адамава | 36,92 | 3,17 | Йола |
Аква-Ибом | 7,08 | 3,92 | Уйо |
Анамбра | 4,84 | 4,18 | Авка |
Байельса | 10,77 | 1,70 | Йенагоа |
Баучи | 45,84 | 4,66 | Баучи |
Бенуэ | 34,06 | 4,26 | Макурди |
Борно | 70,9 | 4,17 | Майдугури |
Гомбе | 18,77 | 2,36 | Гомбе |
Дельта | 17,7 | 4,11 | Асаба |
Замфара | 39,76 | 3,28 | Гусо |
Жигава | 23,15 | 4,36 | Дуце |
Имо | 5,53 | 3,93 | Оверри |
Йобе | 45,5 | 2,33 | Даматуру |
Кадуна | 46,05 | 6,11 | Кадуна |
Кано | 20,13 | 9,40 | Кано |
Кацина | 24,19 | 5,80 | Кацина |
Квара | 36,82 | 2,37 | Илорин |
Кебби | 36,8 | 3,26 | Бирнин-Кебби |
Коги | 29,83 | 3,31 | Локожа |
Кросс-Ривер | 20,16 | 2,89 | Калабар |
Лагос | 3,35 | 9,02 | Лагос |
Насарава | 27,12 | 1,87 | Лафиа |
Нигер | 76,36 | 3,95 | Минна |
Огун | 16,76 | 3,73 | Абеокута |
Ойо | 28,45 | 5,59 | Ибадан |
Ондо — | 14,61 | 3,44 | Акуре |
Осун | 9,25 | 3,43 | Ошогбо |
Плато | 30,91 | 3,18 | Жос |
Риверс | 11,08 | 5,19 | Порт-Харкорт |
Сокото | 25,97 | 3,70 | Сокото |
Тараба | 54,47 | 2,30 | Жалинго |
Эбоньи | 5,67 | 2,17 | Абакалики |
Эдо | 17,8 | 3,22 | Бенин-Сити |
Экити | 6,35 | 2,39 | Адо-Экити |
Энугу | 7,16 | 3,26 | Энугу |
Борбордук федерация | 7,32 | 1,41 | Абужа |
аймагы | |||
Н. - БУУнун (1960), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1961), Африка биримдиги уюмунун (1963), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - федерациялык мамлекет. Конституциясы
1999-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет, өкмөт башчысы жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу улуттук чогулуш (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин өкмөт - Федерациялык аткаруу кеңеши ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Элдик демокр. партиясы (центристтер), Жалпы элдик партия (консерваторлор).
Табияты. Өлкөнү Нигер жана Бенуэ д. экиге бөлүп агат. Түштүгүн дарыя шилендилеринен турган түздүктөр жана бөксө тоолор ээлейт. Батышындагы жээк тилкесиндеги түздүктөр кумдуу жалдардан турат. Деңиз жээгиндеги түздүктөр түндүктө Нигер д-нын батышындагы Йоруба жана чыгышындагы Уди өтө бийик эмес бөксө тоолорго өтөт. Түндүк-батышта Сокото бөксө тоосу түндүк-чыгышта Борн түздүгү менен алмашат. Эң бийик жери - Чаппал-Вадди чокусу (бийикт. 2419 лг). Климаты өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө экватордук муссондук жана субэкватордук. Майдын орт. температурасы 33°С, январдыкы 26°С. Жылдык жаан-чачыны түндүк-чыгышында 500 мм, түштүгүндө 4000 лглгге чейин. Ири дарыялары: Нигер, Бенуэ, Сокота, Кадуна, Гонгола ж. б.; көлү - Чад. Түштүгүндө тропика токою жана түндүгүндө бийик чөптүү саванна, дарыя жээктеринде мангр токою өсөт. Топурагы кызыл сары, кызыл күрөң. Фаунасы негизинен эндемик [анын ичинде толугу менен жок болуп кеткен жайчылар (балык) жана кичи кериктер кездешет]. Жаратылыш газы, таш көмүр, темир, калай, колумбит (ниобий) ж. б. казылып алынат. Боргу, Квиамбана, Янкари ж. б. резерваттары уюштурулган.
Калкы. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн йоруба (21%) түзгөнү менен андан башка ар кандай тилде сүйлөгөн 200дөн ашык эл жашайт (хауса, фулани, игбо, ижо, канури, ибибио, тив ж. б.). Расмий тили - англис тили. Калкынын 50,4% и мусулман, 48,2% и христиан, калгандары салт болуп калган жергиликтүү диндерди тутат. Орт. жыштыгы 1 клг2ге 167 киши (2010). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники -
46 жаш, аялдарыныкы - 48. Шаар калкы 48% (2008). Ири шаарлары: Лагос, Кано, Ибадан ж. б.
Тарыхы. Н-нын азыркы аймагында адам ортонку полеолит доорунда эле жашаган. Н-да биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта эле материалдык маданият өнүгүп, калк мал багып, дыйканчылык менен кесиптенген. 8-к-да Н-нын түндүгүндө Иорубо жана Ифа мамлекеттери өкүм сүргөн. 9-к-да Борно мамлекети ислам динин кабыл алып, 13- к-да исламдын борборуна айланган. 15-к-да Н-га европалык колониячылар (португалдар, кийин англичандар, француздар жана немистер) келип, жерин ээлеп алып, элин кулга айландырган. 19- к-дын 60-жылдарында Н. аймагында Улуу Британиянын бир нече протектораты түзүлүп, 1914-ж. региондогу британ ээликтери бир колонияга (протекторатка) биригип, Нигерия
аталган. 1947-ж. Н-га өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1960-ж. 1-сентябрда Британ шериктештигинин чегинде (к. Шериктештик) Н-нын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1966-ж. өлкөдө 2 жолу аскер төңкөрүшү, 1967-70-ж. согуш болуп, ал федерациялык өкмөттүн жеңиши менен аяктап, Биафра Респ. түзүлгөн. 1999-ж. Н-ны 14 жыл башкарган аскер режими кетип, бийлик демокр. жол менен шайланган президентке өткөн. Бирок өлкөнүн демокр. жол менен өнүгүүсүнө кедерги болгон диний (исламчылар) жана этностук каршылашуулар кандуу кармашка чейин жетип, улуттун биримдиги менен аймактык бүтүндүккө коркунуч туудурууда. Н. - БУУнун ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү. 2011-жылдан өлкө президенти - Гудлак Жонатан.
Экономикасы. Н. - нефть өндүрүшү өнүккөн, агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 357,2 миллиард долларды (2010; АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 32,5, ө. ж-дыкы 34,1, а. ч-ныкы 33,4 (2009). Өлкөнүн бюджеттик кирешесинин 80% ин нефть казып алуу түзөт. 2007-ж. 21,92 миллиард кВт-с электр
энергиясы (ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Кара (болот прокаты) жана түстүү металлургия, автомбиль чогултуучу, нефть ажыратуу, химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, а. ч. продуктусун кайрадан иштетүүчү, цемент, текстиль, бут кийим, тамакаш - татымал ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Эмгекке жарамдуу калктын 70% и а. ч-нда эмгектенет. Жүгөрү, ак жүгөрү
(сорго), шалы, таруу, кассава, ямс, батат айдалат. Эчки, кой, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. - 193,2 миң км (2004; анын ичинде асфальтталганы 30,0), т. ж-нуку 3,5 миң км, магистралдык нефть куурунуку 3,4миң, азык-түлүктүкү 4,1 миң (2009) Нигер, Бенуэ жана Кросс д-нда кеме жүрөт. Ири порттору: Лагос, Порт-Харкорт ж. б. Сыртка нефть, нефть продуктуларын, какао (дүйнөдө 4-орунда), каучук, жер жаңгак, пальма майын ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Германия, Бразилия, Нидерланд ж. б.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү акысыз башталгыч жана 6 жылдык орто, атайын кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 90% ти түзөт (2008). ЖОЖдору, китепкана, музейлери ири ш-нда жайгашкан. «Дейли Таймс», «Уэстафрикан пайлот», «Дейли Скетч», «Санди Таймс» ж. б. гезит-журналдар чыгып турат. Радиоуктуруу (1950-жылдан), телекөрсөтүү (1952-жылдан) иштейт. Н. басма сөзү Тропикалык Африкадагы маданий тармактардын ичинен эн өнүккөнү деп эсептелет.
Н. эл адабияты элдик оозеки чыгармачылык менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Н. жазуучуларынын көпчүлүгү англис тилинде жазышкан. 19-к-дын аягы - 20-к-да публицистика өнүксө, 20-40- жылдары граждандык поэзия пайда болгон (Н. Азикив, Д. Осадабей). 30-жылдары Библиялык темада драматургия жанры жанданган. Көрүнүктүү жазуучулары С. Эквенси, А. Тутуол, 0. Нзекв, Э. Амади, Н. Нванко, Ч. Ачебе. 60-жылдары драматургияда жана поэзияда социалдык мазмун басымдуу болгон. Анын өнүгүшүнө Шойинк («Идране» поэмасы, 1967, «Токой бийи» пьесасы, 1960), Ж. Кларк («Озиди», 1966, «Ырлар» жыйнагы, 1962) ж. б. чоң салым кошкон. «Окике» адабий журналы чыгып турат.
Н. элдик архитектурасынын ар түрдүүлүгү анын жаратылыш жана климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Түштүк, Түштүк-Батыш жана Түштүк-Чыг. жагындагы тропикалык токойлуу райондорунда үстү саман, камыш жана пальма жалбырактары менен эки катмар жабылган, топурактан согулган үйлөр көп. 13-15-к-да түштүк
райондордо шаар курулушу гүлдөп өнүккөн. 14- к-да Н-нын түндүгүндө исламдын таралышы менен мечиттер, минареттер пайда болгон. 19-к-дын аягында Бразилиядан келген репатрианттар Түштүк Н. архитектурасына латын америкалык барокконун элементтерин киргизген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Н-нын шаарларында көп кабаттуу заманбап имараттар курула баштаган. Н-нын аймагында сүрөт искусствонун (терракоталык пластика) байыркы эстеликтери Нок маданиятына барып такалат. 12-17-к-да Бенин, Ифа мамлекеттеринде скульптура өнүккөн. Жыгачтан жасалган жөрөлгө маскалары (азыркы кезде карнавалдарда колдонулат) ар түрдүү. Көз каранды эместик орногондон кийин кесипкөй сүрөтчүлөр искусствосу калыптанган. Скульпторлор 0. Идах, Ф. Идибор, А. Аканжи; живописчи У. Океке; график И. Вангбоже Н. искусствосунун салттарына таянышкан. Театрдык жасалга искусствосу өнүккөн.
Н-нын музыкалык искусствосу негизинен диний нукта өнүккөн. «Барабандын тилинде» музыканттар сарай хроникаларынын, падышалардын санжырасын, уламыштарды жана байыркы жомокторду айтып келишкен. Эн кенири тараган аспап - барабан (ар кандай формадагы). 19-к-дагы миссионерлердин колониялык иш-аракеттери жергиликтүү салттуу диндердин таасирин басандатып, акырындап диний музыканын жоголуп кетүүсунө алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин музыканттар европалык аспаптарды колдоно башташкан. Н. көз каранды эместикти алгандан кийин музыкалык окуу жайлар түзүлгөн. 60- 70-жылдарда биринчи кесипкөй композиторлор чыккан. Алардын белгилүүлөрү А. Юба, Ф. Сованте, С. Акробот, А. Банколе, А. Фиберезима болгон. Шаарларында жыл сайын музыка жана бий фестивалдары өткөрүлуп турат.
Лагосто 1950-жылдардын бери иштеп жаткан англ. ишкерлер тарабынан «Федерал фильм юнит» деп аталган кинокомпания уюштурулган. 60-жылдардын башында чет элдик операторлор жана режиссёрлор даректүү фильмдерди гана тарткан. 60-жылдардын орто ченинде европ. кино мектептеринен кесиптик билим алышкан нигериялык кинематографисттердин тасмалары пайда болгон. Эл аралык кинофестивалдарга катышып турат.





