НИГЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИГЕРИЯ, Нигерия Федерация Р е с­публикасы- Батыш Африкадагы мамле-

кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-чыгыштан Чад, чы­гышынан Камерун, батышынан Бенин менен чек­тешет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гви­нея булуңу чулгайт. Аянты 923,8 миң кмг. Кал­кы 152,3 миллион (2010). Борбору - Абужа ш. Администрациялык- айм. жактан 36 штатка жана борбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги - найра.

Ацминистрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Штаттары

Аянты, миң км2

Калкы, миллион

Администрациялык борборлору

Абия

6,32

2,84

Умуахия

Адамава

36,92

3,17

Йола

Аква-Ибом

7,08

3,92

Уйо

Анамбра

4,84

4,18

Авка

Байельса

10,77

1,70

Йенагоа

Баучи

45,84

4,66

Баучи

Бенуэ

34,06

4,26

Макурди

Борно

70,9

4,17

Майдугури

Гомбе

18,77

2,36

Гомбе

Дельта

17,7

4,11

Асаба

Замфара

39,76

3,28

Гусо

Жигава

23,15

4,36

Дуце

Имо

5,53

3,93

Оверри

Йобе

45,5

2,33

Даматуру

Кадуна

46,05

6,11

Кадуна

Кано

20,13

9,40

Кано

Кацина

24,19

5,80

Кацина

Квара

36,82

2,37

Илорин

Кебби

36,8

3,26

Бирнин-Кебби

Коги

29,83

3,31

Локожа

Кросс-Ривер

20,16

2,89

Калабар

Лагос

3,35

9,02

Лагос

Насарава

27,12

1,87

Лафиа

Нигер

76,36

3,95

Минна

Огун

16,76

3,73

Абеокута

Ойо

28,45

5,59

Ибадан

Ондо —

14,61

3,44

Акуре

Осун

9,25

3,43

Ошогбо

Плато

30,91

3,18

Жос

Риверс

11,08

5,19

Порт-Харкорт

Сокото

25,97

3,70

Сокото

Тараба

54,47

2,30

Жалинго

Эбоньи

5,67

2,17

Абакалики

Эдо

17,8

3,22

Бенин-Сити

Экити

6,35

2,39

Адо-Экити

Энугу

7,16

3,26

Энугу

Борбордук федерация

7,32

1,41

Абужа

аймагы

Н. - БУУнун (1960), Бүткүл дүй­нөлүк соода уюму­нун (1995), ЭВФтин (1961), Африка би­римдиги уюмунун (1963), Нефть экс­порттоочу өлкөлөр уюмунун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик тү­зүлүшү. Н. - федера­циялык мамлекет. Конституциясы

1999-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет, өкмөт баш­чысы жана Куралдуу күчтөрдүн башкы команда­чысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги­нин жогорку органы - эки палаталуу улуттук чогулуш (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийли­гин өкмөт - Федерациялык аткаруу кеңеши ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Элдик демокр. партиясы (центристтер), Жалпы элдик партия (консерваторлор).

Табияты. Өлкөнү Нигер жана Бенуэ д. экиге бө­лүп агат. Түштүгүн дарыя шилендилеринен тур­ган түздүктөр жана бөксө тоолор ээлейт. Баты­шындагы жээк тилкесиндеги түздүктөр кумдуу жалдардан турат. Деңиз жээгиндеги түздүктөр түндүктө Нигер д-нын батышындагы Йоруба жана чыгышындагы Уди өтө бийик эмес бөксө тоолорго өтөт. Түндүк-батышта Сокото бөксө тоо­су түндүк-чыгышта Борн түздүгү менен алмашат. Эң бийик жери - Чаппал-Вадди чокусу (бийикт. 2419 лг). Климаты өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө экватордук муссондук жана субэкватордук. Май­дын орт. температурасы 33°С, январдыкы 26°С. Жыл­дык жаан-чачыны түндүк-чыгышында 500 мм, түш­түгүндө 4000 лглгге чейин. Ири дарыялары: Ни­гер, Бенуэ, Сокота, Кадуна, Гонгола ж. б.; көлү - Чад. Түштүгүндө тропика токою жана түндүгүндө бийик чөптүү саванна, дарыя жээктеринде мангр токою өсөт. Топурагы кызыл сары, кызыл кү­рөң. Фаунасы негизинен эндемик [анын ичинде толугу менен жок болуп кеткен жайчылар (балык) жана кичи кериктер кездешет]. Жаратылыш газы, таш көмүр, темир, калай, колумбит (ниобий) ж. б. казылып алынат. Боргу, Квиамбана, Янкари ж. б. резерваттары уюштурулган.

Нигериядагы табигый кооз аймак.

Калкы. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн йоруба (21%) түзгөнү менен андан башка ар кандай тилде сүйлөгөн 200дөн ашык эл жашайт (хауса, фу­лани, игбо, ижо, канури, ибибио, тив ж. б.). Расмий тили - англис тили. Калкынын 50,4% и мусулман, 48,2% и христиан, калгандары салт болуп калган жергиликтүү диндерди тутат. Орт. жыштыгы 1 клг2ге 167 киши (2010). Калкы­нын жашынын орт. узактыгы эркектериники -

Лагос шаарынын дениз жээги.
Image

46 жаш, аялдарыныкы - 48. Шаар калкы 48% (2008). Ири шаарлары: Лагос, Кано, Ибадан ж. б.

Тарыхы. Н-нын азыркы аймагында адам ор­тонку полеолит доорунда эле жашаган. Н-да биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта эле материалдык маданият өнүгүп, калк мал багып, дыйканчылык менен кесиптенген. 8-к-да Н-нын түндүгүндө Иорубо жана Ифа мамлекеттери өкүм сүргөн. 9-к-да Бор­но мамлекети ислам динин кабыл алып, 13- к-да исламдын борборуна айланган. 15-к-да Н-га европалык колониячылар (португалдар, кийин англичандар, француздар жана немистер) келип, жерин ээлеп алып, элин кулга айландырган. 19- к-дын 60-жылдарында Н. аймагында Улуу Бри­таниянын бир нече протектораты түзүлүп, 1914-ж. региондогу британ ээликтери бир ко­лонияга (протекторатка) биригип, Нигерия

атал­ган. 1947-ж. Н-га өзүн-өзү башкаруу укугу бе­рилген. 1960-ж. 1-сентябрда Британ шериктеш­тигинин чегинде (к. Шериктештик) Н-нын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1966-ж. өлкөдө 2 жолу аскер төңкөрүшү, 1967-70-ж. согуш бо­луп, ал федерациялык өкмөттүн жеңиши менен аяктап, Биафра Респ. түзүлгөн. 1999-ж. Н-ны 14 жыл башкарган аскер режими кетип, бий­лик демокр. жол менен шайланган президентке өткөн. Бирок өлкөнүн демокр. жол менен өнүгүү­сүнө кедерги болгон диний (исламчылар) жана эт­ностук каршылашуулар кандуу кармашка че­йин жетип, улуттун биримдиги менен аймактык бүтүндүккө коркунуч туудурууда. Н. - БУУнун ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү. 2011-жыл­дан өлкө президенти - Гудлак Жонатан.

Экономикасы. Н. - нефть өндүрүшү өнүккөн, агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 357,2 миллиард дол­ларды (2010; АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 32,5, ө. ж-дыкы 34,1, а. ч-ныкы 33,4 (2009). Өлкөнүн бюджеттик кирешесинин 80% ин нефть казып алуу түзөт. 2007-ж. 21,92 миллиард кВт-с электр

Лагос шаарындагы аэропорт.
Image

энергиясы (ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Кара (болот прокаты) жана түстүү металлургия, автомбиль чо­гултуучу, нефть ажыратуу, химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, а. ч. продуктусун кайрадан иштетүүчү, цемент, текстиль, бут кийим, тамак­аш - татымал ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Эмгекке жарамдуу кал­ктын 70% и а. ч-нда эмгектенет. Жүгөрү, ак жүгөрү

Нигерия акчасы - найра.

(сорго), шалы, таруу, кассава, ямс, ба­тат айдалат. Эчки, кой, чочко асыралып, үй куш­тары багылат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. - 193,2 миң км (2004; анын ичинде асфальт­талганы 30,0), т. ж-нуку 3,5 миң км, магистрал­дык нефть куурунуку 3,4миң, азык-түлүктүкү 4,1 миң (2009) Нигер, Бенуэ жана Кросс д-нда кеме жүрөт. Ири порттору: Лагос, Порт-Харкорт ж. б. Сыртка нефть, нефть продуктуларын, какао (дүйнөдө 4-орунда), каучук, жер жаңгак, паль­ма майын ж. б. чыгарат. Негизги соода шерик­тери: АКШ, Кытай, Германия, Бразилия, Ни­дерланд ж. б.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү акысыз баш­талгыч жана 6 жылдык орто, атайын кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаш­тан жогору калктын сабаттуулугу 90% ти түзөт (2008). ЖОЖдору, китепкана, музейлери ири ш-нда жайгашкан. «Дейли Таймс», «Уэстафри­кан пайлот», «Дейли Скетч», «Санди Таймс» ж. б. гезит-журналдар чыгып турат. Радиоук­туруу (1950-жылдан), телекөрсөтүү (1952-жыл­дан) иштейт. Н. басма сөзү Тропикалык Афри­кадагы маданий тармактардын ичинен эн өнүккөнү деп эсептелет.

Н. эл адабияты элдик оозеки чыгармачылык менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Н. жазуучуларынын көп­чүлүгү англис тилинде жазышкан. 19-к-дын аягы - 20-к-да публицистика өнүксө, 20-40- жылдары граждандык поэзия пайда болгон (Н. Ази­кив, Д. Осадабей). 30-жылдары Библиялык те­мада драматургия жанры жанданган. Көрүнүктүү жазуучулары С. Эквенси, А. Тутуол, 0. Нзекв, Э. Амади, Н. Нванко, Ч. Ачебе. 60-жылдары драматургияда жана поэзияда социалдык мазмун басымдуу болгон. Анын өнүгүшүнө Шойинк («Ид­ране» поэмасы, 1967, «Токой бийи» пьесасы, 1960), Ж. Кларк («Озиди», 1966, «Ырлар» жый­нагы, 1962) ж. б. чоң салым кошкон. «Окике» адабий журналы чыгып турат.

Н. элдик архитектурасынын ар түрдүүлүгү анын жаратылыш жана климаттык шарттарынын өз­гөчөлүктөрү менен аныкталат. Түштүк, Түштүк-Батыш жана Түштүк-Чыг. жагындагы тропикалык токой­луу райондорунда үстү саман, камыш жана паль­ма жалбырактары менен эки катмар жабылган, топурактан согулган үйлөр көп. 13-15-к-да түштүк

райондордо шаар курулушу гүлдөп өнүккөн. 14- к-да Н-нын түндүгүндө исламдын таралышы менен мечиттер, минареттер пайда болгон. 19-к-дын аягында Бразилиядан келген репатрианттар Түштүк Н. архитектурасына латын америкалык барокконун элементтерин киргизген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Н-нын шаарларында көп кабаттуу заман­бап имараттар курула баштаган. Н-нын айма­гында сүрөт искусствонун (терракоталык пласти­ка) байыркы эстеликтери Нок маданиятына барып такалат. 12-17-к-да Бенин, Ифа мамлекеттерин­де скульптура өнүккөн. Жыгачтан жасалган жөрөлгө маскалары (азыркы кезде карнавалдар­да колдонулат) ар түрдүү. Көз каранды эместик орногондон кийин кесипкөй сүрөтчүлөр искусствосу калыптанган. Скульпторлор 0. Идах, Ф. Иди­бор, А. Аканжи; живописчи У. Океке; график И. Вангбоже Н. искусствосунун салттарына тая­нышкан. Театрдык жасалга искусствосу өнүккөн.

Н-нын музыкалык искусствосу негизинен диний нукта өнүккөн. «Барабандын тилинде» музыканттар сарай хроникаларынын, падышалардын санжы­расын, уламыштарды жана байыркы жомоктор­ду айтып келишкен. Эн кенири тараган аспап - барабан (ар кандай формадагы). 19-к-дагы мис­сионерлердин колониялык иш-аракеттери жергиликтүү салттуу диндердин таасирин басандатып, акы­рындап диний музыканын жоголуп кетүүсунө алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин музыканттар европалык аспаптарды колдо­но башташкан. Н. көз каранды эместикти ал­гандан кийин музыкалык окуу жайлар түзүлгөн. 60- 70-жылдарда биринчи кесипкөй композиторлор чыккан. Алардын белгилүүлөрү А. Юба, Ф. Со­ванте, С. Акробот, А. Банколе, А. Фиберезима болгон. Шаарларында жыл сайын музыка жана бий фестивалдары өткөрүлуп турат.

Лагосто 1950-жылдардын бери иштеп жаткан англ. ишкерлер тарабынан «Федерал фильм юнит» деп аталган кинокомпания уюштурул­ган. 60-жылдардын башында чет элдик опера­торлор жана режиссёрлор даректүү фильмдерди гана тарткан. 60-жылдардын орто ченинде ев­роп. кино мектептеринен кесиптик билим алыш­кан нигериялык кинематографисттердин тасма­лары пайда болгон. Эл аралык кинофестивал­дарга катышып турат.