НЕФРИТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕФРИТ (грекче nephros бөйрөк) - бөйрөктүн сезгенүү оорусу. Көбүнчө бөйрөк түймөкчөлөрүнүн кан тамырлары жабыркайт. Анын өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар. Катуу кармаган Н. көбүнчө ангина, дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларынан кийин кабылдоо катары пайда болот, микроб, вирустар кан аркылуу бөйрөккө келип, аны сезгендирет. Ошондой эле суукка урунуу да Н-ке түрткү берет. Тукум куума болушу да мүмкүн. Мында дене шишип, кан басымы жогорулайт (бөйрөк гипертониясы), бел-бөйрөк тушу ооруп, зааранын курамы өзгөрөт, акырында бөйрөк иши бузулат. Оорулуунун башы ооруйт, демигет, заара бөлүп чыгаруусу азаят. Катуу кармаган Н-ти дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Өнөкөт Н. менен ооругандар диспансерлик каттоодо болуп, врачтын көзөмөлүндө
болууга тийиш. Алар тонзиллит, фарингит ооруларын күчөтпөй өз убагында дарылап, режимди сактап, жугуштуу оорулардан сак болуп, сууктан сактанып, оор кара жумуш иштебей, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруусу зарыл. Убагында дарыланбаса, бөйрөк иши начарлап, организмде белок алмашуунун уу заттары чогулат, суу электролиттик алмашуу жана кислота-щелочтук тен салмактуулук бузулат (к. Уремия). Алдъш алууда организмдеги ириңдүү ооруларды өз убагында дарылоо, түрдүү уу заттардан этият болуу, ревматизм, васкулит ж. б. ооруларды өз убагында дарылоо, кош бойлуу учурда жана төрөттөн кийин суукка урунбоо, түрдүү кабылдолордон сактануу зарыл.