НЕФРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФРИТ (грекче nephros бөйрөк) - бөйрөктүн сез­генүү оорусу. Көбүнчө бөйрөк түймөкчөлөрүнүн кан тамырлары жабыркайт. Анын өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар. Катуу кармаган Н. кө­бүнчө ангина, дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларынан кийин кабылдоо катары пайда болот, микроб, вирустар кан аркылуу бөйрөккө келип, аны сезгендирет. Ошондой эле суукка урунуу да Н-ке түрткү берет. Тукум куума болушу да мүмкүн. Мында дене шишип, кан басымы жо­горулайт (бөйрөк гипертониясы), бел-бөйрөк тушу ооруп, зааранын курамы өзгөрөт, акырын­да бөйрөк иши бузулат. Оорулуунун башы ооруйт, демигет, заара бөлүп чыгаруусу азаят. Катуу кармаган Н-ти дарылоо ооруканада жүр­гүзүлөт. Өнөкөт Н. менен ооругандар диспансер­лик каттоодо болуп, врачтын көзөмөлүндө

бо­лууга тийиш. Алар тонзиллит, фарингит оору­ларын күчөтпөй өз убагында дарылап, режим­ди сактап, жугуштуу оорулардан сак болуп, сууктан сактанып, оор кара жумуш иштебей, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруусу зарыл. Убагында дарыланбаса, бөйрөк иши начарлап, организмде белок алмашуунун уу заттары чогу­лат, суу электролиттик алмашуу жана кислота-ще­лочтук тен салмактуулук бузулат (к. Уремия). Алдъш алууда организмдеги ириңдүү оорулар­ды өз убагында дарылоо, түрдүү уу заттардан этият болуу, ревматизм, васкулит ж. б. оору­ларды өз убагында дарылоо, кош бойлуу учур­да жана төрөттөн кийин суукка урунбоо, түрдүү кабылдолордон сактануу зарыл.